Бишкек, “Саясат.kg”. Кыргыз Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбековдун мурда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп турган мезгилде Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү мамлекеттик дирекциясы курган үйлөрдөн кимдир бирөөгө батир алып берүү үчүн акча алды деген маалымат тарады.

 

Андан башка азыркы мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев жана Ош шаардык мэриясынын кызматкерлери менен акчаны бөлүшкөнү тууралуу “жабырлануучумун” деген Ош шаарынын тургуну Рахима Кенжеева айтып чыкты.

 

Бул кабар Кыргызстандагы маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин, өкмөт башчынын батир сатууга тиешеси жок экенин маалымат кызматынын жетекчиси Чыңгыз Эсенгул уулу билдирүү таратты.

 

Ал эми мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов да жетекчисине байланыштуу бул маалыматты төгүндөйт.