Президент А. Атамбаевдин досубу, инисиби, айтор Кубанычбек Кулматов деген эркеси бар. Качан болсо бул “азамат” майлуу-сүттүү кызматты ээлеп, бирок жасаган иши менен эмес, ызы-чуусу аркылуу аты чыгып келет. Бул “асмандан түшкөн” кадр алгач кыргыз элитасында 2010-жылы апрель төңкөрүшүнүн арты менен пайда болгон. Көрсө, ошондогу өкмөт башчы А.Атамбаев мамлекеттеги эң майлуу деп эсептелген Бажы кызматын  Москвада жашаган (Россия жарандыгы да болгон дешет) К.Кулматовдун гана башкаруусун ылайык көргөн экен. Кийин президенттин “эрке” баласы өкүмдардын амири менен Бишкектин мэри болуп калды. Тилекке каршы өзүн бөтөн планетадан келгендей сезген Кубанычбек мырза чарбачылык жумуш эмне экендигин билбей, шаардыктардын көптөгөн нааразычылыктарын укту. Акыры “патрону” да элдин сын-пикирин эске алып, “Иштей албасаң өзүң билип кет”,- деп ачык айтууга мажбур болгон эле. Анткен менен өзүнүн адамдарын эч качан жерге таштабаган ажобуз аны мэрликтен да майлуу-сүттүү “Кыргыз-Россия” өнүктүрүү фондуна кыргыз тараптан теңтөрага кылып дайындады. Азыр бул бир миллион долларга  жакын Россия акчасын алган фонд эмне жумушту жасагандыгын көпчүлүгүбүз билбейбиз. Анткен менен маянасы 15 миң доллар экендигин өткөн жумада ЖК жыйынында депутат Ө.Текебаев жарыя кылды. Эми анын жеген-ичкени да карапайым элдин мойнуна илинет экен да.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити