- Азимбек мырза, кыргыз саясатында күрөштүн кайсыл түрү көбүрөөк пайдаланыларын байкадыңыз?

 

- Менин баамымды кыргыз саясатында жеке бет маңдай туруп согушкан ыкманы көп эле саясатчылар колдоно бербейт. Башкача айтканда, көп учурда бир нерселерди пайдаланып, чагымчылдык менен согушушат. Кыргызстан мына ошондой саясатчылардын кесепетинен оңолбой жатат. Көптөр “президенттердин туура эмес саясатынан оңоло албай жатат”- деп ойлошот. Чынында саясатчылардын көрө албастыгы, чагымчылдыгы, эки жүздүүлүгү да мамлекеттин өнүгүшүнө чоң кедергисин тийгизип жатат. 60ка келип, аксакал саясатчы болуп калдык. Эми биз аксакалдык парзыбызды аткарышыбыз керек. Президент болом деген амбициясы барлар бирөөнүн эмгегин да таанып, кемчилиги болсо, аны жашырганга аракет кылса жакшы болот эле. Бири-бирибиздин жаман жагыбызды эле көрө бербей, жакшы жагына да маани берсек. Жанагындай чагымчылдыкка жол бербей айкөлдүк кылсак болот эле. Азыр байкап көрсөңөр чагымчылдык кылып, пайдаланып алгандар көп. Кечирип, айкөлдүк кылган саясатчылар аз.

 

- Атамбаевдин унитазда отурганы көп сайттарга чыгып кетти. Сиз чындыкты жазып, тарых алдында өз миссияңызды аткардыңызбы же душман көп күттүңүзбү?

 

- Мен душманды көп күтөөрүмдү билгем. Анткени, мен жазган китебимдин каарманы бүгүн бийликте отурат. Кыскасы, мага ыңгайсыздык жараткан жагдайлар көп эле болоорун билип туруп жаздым. Азыр менден көптөр кооптонуп, сактанып калышты. “Муну менен мамиле кылсам, жазып салат экен”- деп. Анткени, чындык жаман. Чындык атылган ок. Кайтарылбайт. Ал тешип өтөт же болбосо өлтүрөт. Ошондуктан, болгон чындыкты жаздым. Ошол эле кезде мемуар сыяктуу жазуу мага өтө оор болду. Ошондой болсо да, “коомдо өсүп-өнүгүү болсо, мен китебим менен бурулуш жасасам экен” деген ниетте жаздым. Бийликте тургандар “ээ кокуй, ушинтип жазылып калат турбайбы, билинип калат турбайбы деп ойлонсун”- дедим. Анткени, биз жалганды көп айтып, ушак менен саясат кылып, эл билбейт, эл түшүнбөйт деп бардык нерсени кыла берсек болот деп ойлойбуз. Бул китебим аркылуу ошол көшөгөнүн артындагы нерселерди ачып, саясатчылардын чыныгы жүзүн көрсөттүм. Саясатчылар эл алдында  апапакай көшөгөнүн артында башка адам болбосун деп жаздым. Мен бул китепти “саясатчылардын жан дүйнөсү өзгөрсө экен”,- деп жаздым. Китепте аты аталган саясатчылар “башкаларга сабак болсун, жаш саясатчылар ориентир алсын”- дедим.

 

Атамбаевдин унитазда отурганын айрым сайттар бурмалап, ал мас болуп туруп ошол жерде отуруп калгандай элес калтырып чыгарып жатышат. Чынында ал жерде мас болуппу же ууланыппы, унитазга отурган боюнча өзүн жоготуп койгонун көргөнүмдү жазгам. Башкача айтканда, айрым сайттар андан кийинки сүйлөмдөрдү жазбай, кесип алып чыгарышты. Чынында сайттар үзүп алган жерде “мен  анын денеси көзөнөк болуп тешилгенин көргөндөн кийин ууланып калды деп ойлодум”- деп жазганымды калтырып коюшуптур.  Биринчиден, жаман көрөбүзбү, жакшы көрөбүзбү Алмаз Атамбаев президент. Экинчиден адам. Анын да жүрөгү бар. Анын да үй бүлөсү, бала чакасы бар. Ошон үчүн китебимди колдонгондор өз позицияларына ылайыктап үзүп албай, толук чыгарышса жакшы болот эле.  

 

- Президент тарабынан сиздин китепке реакция болдубу?

 

- Реакция болбойт. Анткени, ал азыр жогорку такта отурат. Ал менин китебимди азыр эмес, кийин окуса керек. Мен ишенем эртеби-кечпи, “досум туура жазыпсыз”- деп айтаарына. Текебаев деле чычалагандай болуп, “бирок туура жазыпсың”- деди. Отунбаева “96 пайыз туура жазыпсың”- деди. Көпчүлүк саясатчылар “туура жазыпсың” дешти. Бирок, анча-мынчасы “мени ушинтип коюпсуң”- деп жатышат. Андайларга “сени мактап, сага жагынайын деген эмесмин”- деп жооп берип жатам.  Айрымдар “мен байкалбай калыпмын да, Мырзакматовдун ролун өтө көтөрүп коюпсуң”- дешти. Чынында мен Мелис менен мамиле кылдым. Аны мактайын деген жокмун. Анын ошол убактагы аракетин жазганымды айттым.

 

- Сиз менен чогуу жүргөндөр сизди дагы көп жерин жаап, жашырыптыр. Эгер президент дагы бир нерселерди айта турган болсо, эч ким баш көтөргүс кылып жазып салат дешти го? Ишенсек болобу?

 

- Ким айтса да туура айтыптыр. Мен колумдан келишинче жаманыбызды  жашырып, жакшыбызды чыгарып жазууга аракет кылдым. Анткени, биз кыргызбыз. Мен жазган китеп дүйнө жүзүнө которулуп кетсе, улутубузду тебелетип албайлы деген ойло тизгинди аз-маз тарттым. Ошол эле кезде кемчиликти жеке сапат менен да көрсөткөнгө аракет кылдым. Колумдан келишинче жымсалдадым. Эгер менин каралоо эле максатым болсо, баш көтөргүс кылып коймокмун. Антким келген жок. Тарых алдындагы парзымды аткарып, чындыктын урунттуу учурларын бергенге аракет кылдым.  Бирок, окуган саясатчылар айрым жерлерин жымсалдаганымды жазбасам да билишет.

 

-А зимбек Анаркулович, сөздүн ачыгы, сизди баатырдай мүнөздөгөндөр да бар. Бирок, ошол эле учурда бийликке келгиси келсе эле революция кыла коёт деп айыптагандар да бар. Кандай жооп кайтарасыз?

 

- Ошон үчүн коомбуз, элбиз да. Андайларга терикпейм. Туура түшүнөм. Коом ушинтет экен дебей өзүң жөнүндө дагы, башкалар жөнүндө да ачуу чындыкты айта коюп жүрүш керек. Мага бийликте калыш эле максат болсо, мен кетпес бийликте жүрмөкмүн. Акаев мага: “Үзөнгү-Куушту көтөрбөй эле койчу. Каалаган бийлигиңди алчы” деген. Мен принцибимден кайткан жокмун. Акаевге импичментти сөз менен эмес, факты менен кылгам. Ошон үчүн түрмөгө отурдум.

 

Эгер мен Акаев сунуштаган кызматты алганымда мен бийликте, Акаев президент болуп жүрө бермек. Кызмат эле керек болсо, Бакиевдин оң колу болуп, Максимди далыга таптап жүрө бермекмин. Экөөбүз 5 ай иштешкенден кийин эки башка жолго түштүк. Анткени, Бакиевди “Максимди тыйбайсыңбы”  деп кекиртектен алып отурдум. Акыры ал да чыдабады. Куловдой болуп, Максимди далыга таптап, “үкөм жарайсың” деп отура берсем  болмок. Бирок, мен анткен жокмун. Атамбаевге да “досум, сен кыйынсың. Сен туура кылып жатасың”- десем кызматта жүрө бермекмин. Мен “туура эмес кылып жатасың”- деп 2012-жылдан бери анын катачылыгын айтып келдим.

 

Менин айтканымды Текебаев эми айтып жатат. Өмүрбек Текебаев  “2012-жылдан бери сенин айтканың туура болсо да, биз коалицияга кирип, сени колдобой койдук. Сен жалгыз душман болуп жүрө бердиң. Биз колдобой койдук”- деп кеч болуп калса да айтты. “Ошол убакта Убактылуу Өкмөт чогуу болгондо сен айткандай мынчалык хандык деңгээлге жетпейт эле”- деп мойнуна алды. Атамбаев да мезгили келгенде ошентип катачылыгын мойнуна алат. Бирок, андан  пайда деле болбойт. Себеби, баары кеч болуп калды

.

- Келдибеков, Ташиев, Мадумаровдун биригиши боюнча кандай комментарий бересиз?

 

-  Айрым сайттар “үчөөнүн артында Бекназаров турат”- деп жазып да жиберишти. Үчөө биригип, “үчөөбүздөн башка эч ким президент болбойт” дешти. Үчөөнүн бири президент болушуна мен да тилектешмин. Мага алардын бириккени “президент болом дегениңер бизге жакын жолобогула”- дегени жакты. Бул сөзү ачыктык, жигиттик болду. Айтайын дегеним, “президент үчөөбүздөн бирөө болот. Бизге келип кошулуп, кийин президент болот элем деп бөлбөгүлө”- деп маселени ачык айтышты. Эми буларга эч ким кошулбайт. Үчөө гана бузулбашын каалайм. Ошондой эле буларга атаандаш болуп дагы бир үчөө, бешөө биригип элдин сынынан өтүшүнө, мыктысы жеңип чыгышына тилектешмин.  

 

- “Мадумаров “Ата-Журттун” калпагын кийбей койду”- деп жазып чыгышты го?

 

- “Ата-Журт” 2010-жылы пайда болуп, канча жолу төрөлүп, канча жолу өлдү. “Ата-Журт” кимдерге гана кошулган жок. Бабновго кошулду. Ал аз келгенсип, бир нече партия болуп кетишти. Ал эле эмес, “Ата-Журттун” ээси менмин”- деп соттошушту. Ошентип калпыстыкка жол берип жаткандар түбөлүктүү “Ата Журтту” түзүп кетээрине ишенбейм. Азыр ишенимим жок болсо да, 6 жылда кетирген кемчиликтеринен жакшы жыйынтык чыгарса экен дейм. Буларды чанып, “Ата Журтту, Кыргызстанды оңдойм” деген адамдарды космостон алып келе албайбыз да. “Бириккиле, азаматтар!” деп батабызды беребиз. Бирок, булар жалгыз эмес. Кыргызстанда андай жигиттер көп. Сариев өзүнүн бирикмесин түзүп жатат. Текебаев да өз аракетин кылууда. Бакиевдер болсо Атамбаевге каршы коалиция түзүү менен алек болуп жатат.

 

- Көп партиялар мүчө болгон сиздердин кайра жаралуу кыймылы бийликке келүүнү көздөбөйбү?

- Биз “бийликке келебиз” деп эмес, 1990-жылга кайрылып, андан бери 11 жолу референдум өткөрүп, Конституцияны өзгөрткөн менен эч нерсе өзгөрбөгөнүн айтып, улутчул, мекенчилдер биригип, системаны кулатуу үчүн кайра жаралуу кыймылын түзүп, январь айынын аягында же февралдын башында улуттук деңгээлдеги чоң курултай өткөрүп, системаны алмаштыруунун жолун издейбиз. “Бийликти мындан ары сындабай, колдон келсе биригели”- деген саясат жүргүзөбүз.

 

11 жолу Конституцияны алмаштырганыбыз менен бийликтин ээси болгон элден “кандай бийликти каалайсың?”- деп бир да жолу сурабаганыбызды мойнубузга алып, “парламенттик башкарууну каалайсыңбы же президенттик башкарууну каалайсыңбы?”- деп референдум аркылуу  элдин пикирин билебиз. Ошондой эле кандай башкарууну кабыл алаарыбызды курултайда түзүлгөн кеңешме элдин пикирин эске алуу менен жыйынтык чыгарат. Кудай буйруп, максатыбызга жетип, системаны алмаштырып алсак,  президент өлкөнүн башчысы катары жыл сайын курултайда  элге жана парламентке да отчёт берет. Премьер-министр жок болот. Эгер парламенттик башкаруу болуп калса, президентти парламент шайлайт. Ошондой эле парламент жыл сайын элдик курултайда эл алдында отчёт берет. Мындан кийин митинг өткөрүп, “баланча кетсин!” дебейт. Элдик курултайда бийлик туура эмес иш кылса, курултайда эле кетиребиз.

Системаны кулатпасак, коррупция, авторитардык бийлик менен күрөшпөй туруп шайлоо учурунда гана  акчасын чыгарып, депутат болгон модага айланып баратат. Жыйынтыгында элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын коргогондор шайлоодо  утулуп калып жатат. Биз мекенчил, улутчулдар биригип, шайлоо мезгилинде гана пайда боло калып, акчанын күчү менен келгендерди жок кылган системаны сындырабыз.

 

Болбосо “Кыргызстан” партиясындагылардай болуп,  бир айда бизнесмендер чогулуп, саясатка интеллект, саясый идея менен эмес, 200 миң же 500 миң доллар таштап коюп депутат болуп алгандар адатка айланат. Мына ушул жагдайга каршы чыгыш үчүн кызыкчылык үчүн эмес,  идея үчүн биригели деп жатабыз.

 

Анткени, акча менен депутат болгондор эч качан мекенге, улутка күйбөйт. Алардын бизнеси жүрүп, капчыгы толсо болду. Ошон үчүн Унгар-Тоону эки жолу басып алса да, парламенттеги партиялар үн катышкан жок. Ал тургай паспорттон улутун көрсөткөн  графаны алып салышса да унчугушкан жок. Аз болсо да улутчулдар чырылдап, өз пикирлерин айтышты.

- Буга чейин кандай максатта бирикчү элеңер?

 

- Буга чейин “Акаевди, Бакиевди кетирели” деген максатта бириккенибиз үчүн ушундай абалга кептелип жатабыз. Шайлоого революция кылган  БЭК деген чоң партия менен эмес, үч башка партия менен шайлоого барганыбыз үчүн  утулуп калдык. Идея үчүн бирикпегенибиздин кесепетинен чет мамлекеттиктер Кыргызстанга чабуул жасап, кире башташты. Ошондой эле  Акаев менен Бакиев да жөн жаткан жок. Алар да өз адамдарын президенттик шайлоодо ийгиликке жетсин деген максатта аракет кылып жатышат.  Кокус Акаев менен Бакиев чет мамлекеттен бириксе, Атамбаевдин чабалдыгынан алардын кишилери  президенттикке жөн эле өтүп кетет. Ошондуктан, чет мамлекетке барып жаткандын баары Бакиев менен Акаевге жолугуп жатат. Жеңип калышса, “бизге ушул жактан колдоо болду “-деп коюшат. Мен кимдин кимге барып жатканын билем. Текебаевдин аракетинин түбү барып Акаевге такалат. Акаев Талгарбеков аркылуу  аракет кылды бирок, болбой калды. Акаевдер үчүн Текебаев. Бакиевдер үчүн жанагы үчилтик ыңгайлуу. Төрөбаевдер болсо не кыларын билбей ортодо турат. Биз болсо аксакалдык кылып, бу сапар  эч кимге көз каранды болбогон жаш күчтөрдү, мекенчилдерди алып келели деп жатабыз. Анткени, “кийинки президентибиз Америкага да, Москвага да байланбасын”- деп жатабыз. Биз ушул идеяны колдойм десе, аларды кошуп алууга даярбыз. Анткени, мамлекет бирөө. Кыргызстан кыргыздарга эле керек. Башка эч кимге кереги жок. Өзүбүздү өзүбүз сактай албасак, бизди Москва менен Америка сактайбы? 

 

- Бирок, ошол эле Элдик курултай да кайсы бир топтун кызыкчылыгы үчүн уюшулуп калбайбы?

 

- Андай болбойт. Анын механизмин иштеп чыкканбыз. Ар бир айыл өкмөттөн курултайга делегат келет. Ошол айыл өкмөтү ушундай добуш бересиң деп колуна карматып коёт. Бул жакка келип сатылып кетсе, айылдын чыккынчысы, бузукусу болот. Башкача айтканда “президенттин ишине мындай, парламенттин ишине андай баа коёсуң” деп делегатты жөнөтөт. Президент Элдик курултайда “2” алып калса, кызматынан кетиши керек. Ушуну конституциялык деңгээлде киргизиши керек. Мыйзамдык күчкө ээ кылсак, нукура кыргыздын системасы болот. Дүйнө жүзүндөгү кооз сөздөрдү жазбай кыргыздын табиятына туура келген иштерди жасабайлыбы деп парламентке, президентке кайрылалы деп жатабыз.

 

Бул идеяны 2006-жылы колдоп, күзүндө референдум өткөрбөй коюп, миң-миңдеген адамдар аянтка чыгып, митинг болгон. Башкача айтканда, Бакиев башында колдоп, жыйынтыгында Максимди жана чыгыштан келген башка адамдарды угуп, Элдик курултайдан баш тартып, “референдум жарыялабайм” деген. Мен анда “эмне указ чыгарып, мени элди кыдыртып иштеттиң” деп биротоло Бакиевдин бийлигинен кеткем. Буюрса, Жаңы жылды улуттук деңгээлдеги чоң курултай менен баштайбыз.

 

- Бу сапар президент кандай критерий менен тандалат? Айрымдар “түштүккө кезек келди, президент түштүктөн болсун” дейт. Бирок, ошол эле маалда чүйлүктөр бийликти колдон чыгаргысы келбей жатат го?

 

- Президентти шайлоодо  эч кандай критерийдин кереги жок. Ачыгын атсам, биз айткан идеяны колдогон адам президент болот. Эмне үчүн дегенде биз бийликке умтулуп жаткан жокпуз. Коом жаратып, идеяга биригели деп жатабыз. Эгер президенттикке аттанып жаткандар биз айткан идеяны колдой турган болсо, биз ошол адамды колдойбуз. Ал адам сөзсүз президент болот. 25 жыл ичинде мен колдогон адамдар президент болду. Бул жерден мактанып койсом да болот. Мен колдогон Бакиев, Отунбаева, Атамбаев да президент болду. Башкача айтканда, төртүнчүсү да мен колдогон адам президент болот. Эгер биздин идеяны эч ким колдобой койсо, анда өзүбүз президенттикке чыгабыз.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити