Бишкек, “Саясат.kg”. Бир топ убакыттан бери коомчулукта ызы-чуу жараткан “Белизгейт” бул жумада дагы уланды. Бул сапар “Ата Мекен” фракциясынын лидери Ө.Текебаев чырды иликтөө үчүн атайын жалдап алышкан Белиздеги юридикалык фирманын иликтөөсүнүн алдын-ала жыйынтыктары тууралуу айтып берди.

 

“Авалон” компаниясы мурда да көп ирет афералык иштерди жасагандыгы үчүн 2014-жылдын 1-январында жабылган. Белиздин мыйзамдарына ылайык, компания толугу менен ишин токтоткон жана кандайдыр бир иш-аракеттерди жасай албайт. Бирок, бул мамлекеттин мыйзамдарына карабастан, эч бир акылга сыйбаган жерден 2016-жылдын 21-октябрында аталган фирма кайрадан “тирилип”, кайсы бир америкалык компанияга трасттык документтерди жөнөткөн жерден биздин УКМК “кармап” алыптыр. Ушуга ким ишене алат? Биз бул маселени иликтөө үчүн Белиз мамлекетинен юридикалык фирма жалдаганбыз. Алардын алдын-ала иликтөөсү келди. Юрфирма Белизде бул документтерди жасаган адамдарга карата кылмыш ишин ачтыруунун үстүндө иштеп жатат”,- деди кечээ маалымат жыйынында ЖК депутаты Ө.Текебаев.

 

Анын айтымында, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы А.Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге көрсөткөн Белизден алынды делген документтерде каталар аябай көп: “Ушунун өзүнөн эле апостилдин жалган экенин билсек болот. Мисалы, Алмамбет Шыкмаматовдун паспорттук маалыматын камтып жатып, атасынын аты-жөнүн кошуп коюшкан. Эл аралык үлгүдөгү паспорттордо атасынын аты-жөнү жазылбайт. Менин маалыматымда өлкөнүн аталышынан ката кеткен. Ички иш-аракеттерге гана жарай турган ID-card маалыматын колдонушкан. Аида Салянованын туулган датасы, паспорт номурунан жана атасынын аты-жөнүнөн ката кеткен. Документтер толук жасалма экени аныкталды. Эми коомчулуктун бүйүрүн кызытып, туура эмес маалымат берген Абдил Сегизбаев кызматынан кетип, ага карата кылмыш иши козголушу керек”.

 

Аида Саляновага каршы козголгон кылмыш ишин Ө.Текебаев саясий куугунтук катары баалады: “А.Саляновага карата козголгон кылмыш иши саясий оппонентерге кысым көрсөтүү, оппозицияны жок кылуу аракети. Елисеевдин лицензияны узартууга толук акысы бар эле. Кандайдык бир процедуралык катачылыктарга жол берилген күндө да, анын зыянын көрбөй турам. Мунун жазасы – ашык кетсе сөгүш жарыялоо. Булар буга карабастан өтө оор берене боюнча кылмыш ишин ачышты. Максаты белгилүү, оор кылмыш жасаганда, депутатты кол тийбестиги сактап кала албайт. Демек, камакка алууга даярдык көрүп жатышкан чагы”.