Бул тууралуу “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, алар атайын юридикалык фирма жалдап, “Белизгейттин” айланасындагы абалды иликтөөнү суранган. Анын жыйынтыгы менен Белизден төрт документ келди. Анда буга чейин УКМК жарыялаган документтердин жасалма экени айтылган.

 

“Жабылган фирманын кызматкерлери менен биздин атайын кызматтын биригип алып жасаган атайын операциясы"- деп билдирди Текебаев.

 

Текебаевдин жүйөсүндө, “атамекенчилердин” “Альфателекомду” сатууга кызыкдарлыгы тууралуу документтерди даярдаган “Авалон” аттуу компания мурда эле жабылган. Ошондой эле Өмүрбек Текебаев учурда алар жалдаган юристтер Белиздин мыйзамдары боюнча жасалма документтерди даярдагандарга кылмыш ишин козгоо боюнча иштеп жатканын кошумчалады.

 

Өткөн айда УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев президент Алмазбек Атамбаевге Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынды делген документтерди көрсөткөн. Ал документтер боюнча үч “атамекенчи” депутат мындан төрт жыл мурун “Альфа телекомдун” акциясынын жарымын сатууга аракет кылган деп айтылган. Бул фактыларды иликтөө үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.

 

Булак: "Азаттык"