Төлгөсү төп келип, Нариман Түлеевдин эркиндикке чыгаарын, Ислам Каримовдун көз жумаарын, Кашкар Жунушалиев кетип, анын ордуна жаш адам министр болуп келээрин алдын ала айткан Света Тойгонбаев менен “2017-жыл кимге кандай жыл болот?”- деген максатта айрым саясатчыларга төлгө тарттырып көрдүк.

 

“2017-жылы катуу сел жүрүп, эки жер титирөө болушу мүмкүн”

 

- 2017-жылы мамлекеттик жумуштар эмнегедир оорлошуп, капчыгыбыз анча кампайбай, бюджетти толтура албай убаракерчилик тартаарыбыз тууралуу аян келди. Ошондой эле Кыргызстандын 3 жеринде катуу сел жүрүп, эки жер титирөө болоору айтылып, бул жылы жалпы жонунан алганда жаратылыш кырсыктарынан жана каражаттын жоктугунан мамлекетибиз кыйналып, ийгиликтер аз болоору тууралуу аян түшүп жатат.

 

“Базарлар жоюлуп, эки кабаттуу машиналар өтчү имараттар курулат”

 

- Кыскасы, 2017-жылы каатчылык  болуп, пайда мурдагыдай түшпөйт. Ошондой эле базарлар жоюлуп, алардын ордуна чоң соода борборлору курулат. Бишкектин ичинде дагы эки кабаттуу машиналар өтчү имараттар пайда болот.  Ушул жылды ортолоп элдин тынчын алып, ар кайсы маселени көтөрүп, элди бузгандар көп болуп, “президент болом” деген үч адамга ийгилик жылмаят. 

 

“Атамбаевге каршы чыккандар 2017-жылы көп болот”

 

- Алмаз Атамбаев  азырынча тагында эле отурат. Бирок, ал ишеним арткан адамдар тымызын каршы чыгып, кийин ага баш ооруу жаратат. Кыскасы, Атамбаевге каршы чыккандар бул жылы аябагандай  көп болот. Эмнегедир бул жылы маанилүү делген мамлекеттик кызматтарга аял кишилер көбүрөөк аралашабыз деп турат. Бирок, аялдар аралашканы менен кыйратып деле иштеше албайт. Аялдардын ишинин өнүмү аз болот.  

 

КСДПдан качкандар көбөйөт

 

- “Өнүгүү” менен “Ата-Журт” партиясына бут тосуулар көп болот. Ошондой эле КСДПга илгери үмүт менен кошулгандар президент тактан кеткенден кийин партиядан чыгып кетет.

 

“Исаны көрө албагандар тоскоолдук жаратат”

 

- Бул жылы Иса Өмүркуловго оомат келип жатат. Бирок, аны көрө албагандар күтүүсүз жерден бут тосуп, маселе жаратууга аракет кылышат.

 

“Абдилди бул жылы ийгилик коштойт”

 

- Абдил Сегизбаев тууралуу түрдүү кептер айтылып, аны “кызматынан кетсин” дегендер болсо да, Абдилди бул жылы  ийгилик коштоп турат. Ага каршы болгондор Абдилди оңой менен кызматтан кетире алышпайт.

 

“Сапар Исаковду маданияттуу жайлашат”

 

- Сапар Исаков азыр жакшы иштеп, мактоого татып, президенттин ишенимдүү адамына айланганы менен муну пайдаланып, жыйынтыгында эмгегин жокко чыгарып, кыянаттык кылган адамдардын курмандыгы болот. Башкача айтканда ал ишенген адамдар Сапар Исаковду байкатпай, маданияттуу жайлашат.

 

“Бабанов президенттик шайлоого катышпай калышы мүмкүн”

 

- 2017-жылы Бабановго каршы чыккандар көп болот.  Керек болсо Өмүрбек Бабанов ошол каршы чыккан адамдардын айынан абийири ачылып, элге жаман көрүнүп, президенттик шайлоого да аттанбай калышы мүмкүн.

 

“2017-жылы Текебаевге ийгилик жылмаят”

 

- 2017-жылдын март-апрель айларында Текебаевге кандайдыр бир сокку болушу мүмкүн. Душмандары кыйынчылык жаратканы менен аны эл колдоп, жыйынтыгында ийгиликке жетет. Кыскасы,  2017-жылы Текебаевге ийгилик жылмаят.

 

“Турсунбеков 4 ай аралыгында спикерликтен түшүп калышы мүмкүн”

 

- Чыныбай  Турсунбеков азыр спикер болуп, депутаттарды башкарып, мсаелеси жок адамдай таасир калтырганы менен 4 ай аралыгында спикерликтен түшүп калышы мүмкүн. Кыскасы, азыркы майда тирештер чоңоюп, ага капа болгондор көбөйөт. 

 

“Мадумаров бата алып, үч жерден кан чыгарышы керек”

 

- Адахан Мадумаров жети облусту кыдырып, үч жерге кан чыгарып, айрыкча Баткенден жана бардык облустагы элдерден бата алышы керек. Башкача айтканда, бата алып, жолун ачтырбаса жүз аракет кылса дагы ишинен майнап чыкпайт.

 

“Камчыбек Ташиевдин зоболосу көтөрүлөт”

 

- Азырынча ойлонуп, “бийликке аралашсамбы же аралашпасамбы?”- деп турат. Ташиев “эл үчүн иштейм, адал эмгектенем, элимдин көйгөйлүү делген маселелерин чечем”- деген максат менен киришсе, зоболосу көтөрүлөт. Жеке кызыкчылыгын жогору койсо, саясый тоскоолдукка учурап, ойлогон иши оңунан чыкпай калат.

 

“Келдибеков элдин күчү менен бийликке келет”

 

- Акматбек Келдибеков мурункуга салыштырмалуу кичине жолу ачылып калыптыр. Кичине  тазаланыптыр. Бирок, жолун бууп окуган кара дубасы чечилбептир. Ал ийгиликке жетем десе эң биринчи кара дубасын чечтириши керек. Себеби, ал дубасын чечтирсе, элден бата алса, бийликке  элдин күчү менен келээри тууралуу аян түшүп жатат.

 

“Салянова ордун бошотуп бериши мүмкүн”

 

- Аида Салянованы бул жылы көрө албагандар көп болот. Асыла берип, тынчын алгандардын азабынан өз ордун бошотуп, “тынчтык кылгыла” деп соодалашып, кетип калышы мүмкүн.  Аида Салянова Ыдырыс Ата, Кочкор –Ата жана Манжылы –Атага барып зыярат кылышы керек деген аян түшүп жатат.

 

“Азыр Кыргызстанда жок адам президент болот”

 

- Президенттик шайлоо утурлаган сайын “ким президент болот?”- деген маселе көпчүлүктүн көңүлүн буруп, бүйүрүн кызытып жатат. Мага түшкөн аян боюнча учурда Кыргызстанда жок бир адам президент болуп келет. Ага башында каршы болгондор көп болгону менен жакшы иштеп, мамлекеттин кадырын көтөрүп, Кыргызстанды саздан чыгарат.

 

Ч.Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити