Бишкек, “Саясат.kg”. “Кырсык каш менен кабактын ортосунда”.- демекчи, “Революциянын бульдозуру” атыккан, азыркы бийликтин келишпес душманына айланган Азимбек Бекназаров мурда күнү түндө Төлөгөн Касымбековдун 85 жылдыгынан келе жатып, кырсыкка кабылды.

 

Көк жылгаяктан анын унаасынын тормозу кармабай, Токтогул шаарчасына жакын жерде жол четинде токтоп турган унааны сүзүп, анан гана токтогон. Кырсыктан сүзүлгөн унаанын ээси да, Бекназаров да жаракат алды.

 

Учурда кырсыкка кабылгандар ооруканада.

 

Биз алардын сакайып кетишине тилектешпиз.