Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев 11-декабрда өткөн референдум боюнча өз көз карашын ортого салды.

 

- Өткөндө парламенттин жыйынында да бул маселеге кайрылган элем. Референдум өткөрүү менен Башмыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргиздик, жети-сегиз беренени жылдырып жатабыз, бешөө өкмөт боюнча, экөө кылмыш, саясат мыйзамдары боюнча. Мыйзамда болсо качан ишке кирери жазылып турат. Маселен, “Кумтөр” боюнча президент баш болуп “чечебиз” деп коюп, улам эле мөөнөтүн жылдырып атасыңар, кимисине ишенебиз. Өткөндө Богатырёв деген серепчи Кыргызстанды “көз каранды башаламан мамлекет” деп атады. А биздин спикер дагы, президенттик апппарат дагы ооз ачып жооп бере алган жок.

Эгер Жогорку Кеңеште бир депутат ушул сыяктуу бир нерсе айтса талап коюшмак, а эмнеге Богатырёвго жооп айта алышкан жок? Эми анысы го ал, бирок, кабыл алынган Башмыйзамыбыз 2019-жылы 1-январдан баштап күчүнө кирет экен, эмне ага чейин практиктер эки кылмыш кодекси менен иштейби? Бир да өлкөнүн тажрыйбасында мындай нерсе жок, эки-үч жыл эрте референдум өткөзүп койгон. Өттүбү, дароо кабыл алышыбыз керек, ишке киргизүү зарыл.

 

Ошондуктан, мен “2017-жылдын 1-январынан баштап ишке кирсин”- деген сунушту айткам. Референдум өттү да, ушул кантип болсун?

 

Булак: “Каганат”