“Акбаранын эмес Алтынайдын көз жашы!..  Алтынай деген эже биздин “Жаңы доор” партиясынын эсепчиси болчу. Кечинде ыйлады… Биздин жүрөктү кыйнады. Үй-бүлөсү менен барып 4 киши “Жаңы доорго” добуш берген экен, так ошол участоктон 0 деген добуш эсеби келди. Капкара көзүнөн аккан жашты көрүп көк көз менен компьютерди сөктүм. Мындай эненин жана элдин көз жашы жана каргышы уктатпай турган учур келет. Эми биздин бюллетень эки тилде чыгыптыр. Эми макул башка улуттар түшүнбөйт экен “Жаңы Доор” дегенге түшүнбөйт деп орусча чыгарсын. Орус эмес орустун ити да барбаган Ак-Ордо же Бакай-Атага окшогон жаңы конуштарга эмнеге орусча бюллетень жиберди экен. Эми кызыңды сот зордуктаса арызданып кимге бармак элең дегендей эле болду! Эми алкыш айтып кубанычыбызды тең бөлүшөөр элибизге жана досторго,бизге бекер чуркап бергендерге жана бизге ишенип добуш берген элибизге терең ыраазычылык билдиребиз! Биз эми баштайбыз! Сиздер менен ийгиликтерге жетебиз. Кечээги ыплас жана акча менен өткөн шайлоо дагы кайталанбашы үчүн чогуу күрөшөбүз. Элдин аманаты бизге берген добушу биздин партия үчүн ыйык. Себеби, Кудай баарын көрүп турат. Кудай өзү тараза! Элибизге таазим кылып терең ыраазычылык билдиребиз”.

 

“Кыргызтудэй”