- Азимбек мырза, быйыл эмнеге кубандыңыз?

 

- Атамбаев референдум кылса дагы  Контитуцияны оңдоп, өз мөөнөтүн узартып албаганына чыны менен сүйүнүп отурам. Анткени, биздин эки революциянын тең максаты Конституцияда белгиленген мөөнөттө бийлик алмашып турушу керек болчу. Болбосо, подсоветтик мамлекеттерде президенттер өлгөнчө такта отурушат. Кыргызстанда гана президенттер Конституцияда белгиленген мөөнөтүндө кызматтан кетишет. Айтайын дегеним, 2016-жылдын аягы менен Атамбаев референдум өткөрсө дагы бийликтен түшпөй калыштын аракетин көргөн жок. Бул жакшы процесс. Атамбаев жаман президент болсо да,  өзүнүн мөөнөтүн узарткан жок. Экинчиси, бул жылы дагы бир сүйүнө турган нерсе өлкө ичинде канчалык өйдө-ылдый болгону менен Конституцияны күч менен бузууга эшик жабылгандай болуп, элде: “президенттерге чыдап коёлу, мынча убакыттан кийин бийликтен  кетет”- деген үмүт пайда болуп калды.

 

- Бүгүн эмнегедир эски досуңуз Атамбаевди анчалык сындабай, анын артыкчылыктары тууралуу кеп кылып калыпсыз. Айрым маалыматтарда айтылгандай, Илмиянов аркылуу Атамбаев менен мамилеңизди түздөп алдыңызбы?

 

- Мамилемди деле түздөп алган жерим жок. Чагымчыл сайттар “Бекназаров “шоопур” менен  Жалал-Абадда жолугуптур”- деп жазып жатышат. Мен Илмиянов менен Жалал-Абадда эмес, Бишкекте эле жолуктум. Ал: “китеп берем деген экенсиз Азимбек аке”- деп Келдибеков менен  келиптир. Китеп берип, “президентке да ала бар”- дедим. Анын эмнеси жаман? Мен Илмиянов менен сүйлөшпөгүдөй ал мага ким экен? Мен китеп сурап келген адамдын баарына жолугам. Биздин жолугушуубуздан сяасат издебей деле коюшса болот. Айтайын дегеним, мен Илмиянов менен президенттин жардамчысы, шопуру болуп жүргөндө эле жакшы болчумун. Ал ошол кезде эле мага “аке” деп кайрылчу. “Аке, китеп бересизби?”- дегенинен бердим. Анткени, ал да ушул доордун каарманы. Мен Атамбаевди канча таанысам, аны да ошончо тааныйм. Атамбаев менин жардамчыларымды кандай       тааныса, мен да аныкын ошондой тааныйм. Илмиянов экөөбүз саясатта же кызматта пикир келишпей калып душман болгон  эмеспиз. Мен сындасам президент Атамбаевди сындап жатам.  Президенттин Илмиянов менен иш кылып жатканы  башка сөз. Кыскасы, Илмиянов  экөөбүздүн жолуканыбыздан саясат издеп, түрдүү миш-миштерди Икрамдын алдына баралбай жүргөндөр чыгарып жатат. “Биз жете албай жүрсөк, Илмиянов Бекназаров, Келдибековго жолугуптур”- дешип, түрдүү ушактарды таркатып жатышат. Анткени, бүгүн Илмиянов каалаган кишисин депутат коюп, кааласа министр кылып жатат. Түрдүү ушак чыгаргандар “үчөө биригип, бир иш кылса не болот?”-  деп чочулап жатышат. Анткени, менде акча болбогону менен “Илмияновдо акча бар, булар биригип кетсе күчтүү болот”- деп коркуп, чындыкка дал келбеген түрдүү кептерди чыгарууга да үлгүрүштү.

 

- Илмиянов менен жолукканда президент тууралуу сүйлөштүңөрбү?

 

- Чындыгында Илмиянов “досуңуз менен таарынышып жүрө бербей, Жаңы жылдын алдында баарлашпайсызбы”- деди. Мен: “досум экөөбүздүн мамилебиз өтө тереңдеп кеткен. Качан досум президенттиктен түшүп, экөөбүздүн статусубуз теңелгенде гана жолугам”- дедим. Азыр кайсы бетибиз менен жолугабыз? 6 жыл мени карга-кузгунга теңеди. Мен аны башкаларга теңедим. “Убакыт келип, статусубуз теңелет. Ошондо эски досторчо жолугабыз”- деген жообумду узаттым.

 

- Айрымдар Илмиянов менен Атамбаевдин ортосунда тымызын тиреш башталганын кыйытып калышты. Ошол маалымат чын болсо, сиз чагымчыл маалымат дегениңизге карабай  оппозицияны тымызын Илмиянов каржылап калбайбы?

 

- Чынын айтыш керек. Коомчулукта ошондой да пикир  бар. Бул нормалдуу эле нерсе. Ага терикпейм. Жогоруда айткандай, биздин биригишибизден чочулашат. Анткени, башка  саясатчылар Илмиянов менен биригишибизди каалабайт. Ошон үчүн чындыкка дал келбесе да,  ар кандай  божомолдорду чыгарып турушат. Билген кишиге бул да саясый күрөштүн бир түрү. Себеби, саясатчылар ортосундагы маалыматтык согуш болуп турат. Азыр ал согуштун курчуп жатканы  эмки жылы президенттик шайлоо болуп, чоң саясый салтанат болот. Ошого “ким ким менен барат?”- деген маселе бар. Ошону тактай албай бүшүркөгөндөр ушак таратуу менен алек болуп жатышат.

 

- Китебиңиз жарык көргөндөн бери душман көп күттүңүзбү же дос күттүңүзбү?

 

- Душман көп күттүм. Анткени, душмандарды көп күтөөрүмдү билгем. Билип туруп жазгам. Мага да телефон чалып, “Мелисти баатыр кылып, мени көрсөтпөй коюпсуң”, же болбосо “мен тууралуу көп нерсе жазып салыпсың”- дегендер арбын болуп жатат. Менин капа болгонум,  айрым журналисттер сүйлөмүмдү бурмалап, чагымчылдык кылып, керектүү жерлерин пайдаланып жатышат. Чынында бирөөнүн китебин, ырын бурмалаган жаман нерсе. “Атамбаев унитазда отурат”- деп баары мас абалындагыдай кабылдап чыгарышты. Чынында мен ал жерге аны “мас” деп жазган жерим жок. Денесиндеги тешиктерди көрүп, “ууланып калдыбы деп ойлодум”- деп жазылып турат. Аны жазбай, унитазда мас болуп отургандай жазып, китебимди бурмалашты.

 

- Азимбек агай, жаңы жылдан кийин чоң кыймылдар, уюмдар биригип, чоң күчкө айланат экенсиңер. Ал күч бийликти кетирүү менен алек болобу же башка максаттарды ишке ашырабы?

 

- Бийликти кетирүү менен алек болбойт. Башкача айтканда, системаны алмаштырып, авторитаризм менен коррупцияны сындыруу үчүн биригип жатат. Буюрса, бул жолу акчалууларды эмес, патриот, мекенчилдерди колдоп, мамлекетте өзгөрүш кылабыз.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg