Таабалды Тиллаев

 

Жогорку Кеңештин “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев 6-чакырылыштагы парламенттин ишемердүүлүгүнүн биринчи жылында эле өзүн активдүү депутаттардын катарынан көрсөтө алды. Ошонун жыйынтыгында парламенттин Бюджет жана финансы комитетине жыл аяктап жатканда төрага болуп шайланды.

 

Бактыбек Сыдыков

 

“Коңшу мамлекеттерге өткөрүү пунктундагы чегарачыларга сылыктыкты үйрөтүү ашыкча кылбас эле”- деп, эки өлкө ортосунда ар кандай себептер менен көп каттоого аргасыз болгон жарандардын дал эле жүрөгүндөгүнү айта койгондой болду.  Бактыбек Сыдыков парламентте саясатты сүйлөбөй, карапайым адамдардын көйгөйүн көтөрүп жүргөнү менен оозго алынууда.

 

Курманкул Зулушев

 

Мыйзамга негизделген акыйкат чечими үчүн бир убактарда судьялык кызматынан кол жууп калган Курманкул Зулушевдин эл өкүлү болгонуна бир жылдан ашуун убакыт өттү. Ар жолку пленардык жыйын сайын К.Зулушев сөз алып, карапайым жашоонун түйшүгүнөн баштап мамлекеттик деңгээлдеги кайдыгерликке чейинки көйгөйдү кеп салат. Ар бир сөзү, демилгесинин өлкө турмушу үчүн олуттуу пайдасы бар... Өзү сот тармагынан келгендиктен, сот реформасын алдыга жылдырууда олуттуу сунуштарды бир гана ушул адамдын оозунан угуп келе жатабыз.

 

Нургазы Нишанов

 

Кичи мекени Жалал-Абад жергесиндеги арбын маселелер депутаттын көз кырында калбады. Ал жактагы жол курулушу, суу чыгаруу, мектеп, бала бакча маселелери ушул депутат аркылуу тийиштүү кызматтарга кабардар кылынды. Өзүн туруктуу позициясы бар эл уулу катары көрсөтүп келе жаткандыгы талашсыз.

 

Зиядин Жамалдинов

 

Буга чейин да ЖК депутаты болуп, тажрыйбасы мол экендигиненби, айтор, учурда паралменттик корпустун эң активдүү депутаттарынын бири. Эң негизгиси – туруктуу позициясы бар. Эл үчүн эч нерседен тайманбаган жакшы сапаттары бар. Кыргызстанды алдыга жетелечү эр азаматтардын бири.

 

Булак: “Майдан.kg