Кыргызстандын Акыйкатчылыгынан жоон топ мышыктар бир чычканга чабуул коюп, уйпалагандай эле көрүнүш менен кеткен Турсунбек Акун укук коргоо жаатындагы ишмердүүлүгүн улантып келе жатат. Батукаевди жалгыз өзү жетелеп барып абактан чыгарып, учакка салып жибергенсип айыптуу болуп, “жазасын” тарткан экс-акыйкатчынын “Акыйкатчы” деген кызмат ордун алышканы менен алабарман депутаттар укук коргогон жүрөгүн ала алышпады. “Чыдаган жеңет” дегендей эле, бул жылы Батукаевдин абактан чыгарылышына башкы себепкер ким экенин билдирген “стрелка” да пайда болду. Акун болсо айыпсыз жерден айыптуу болгон ызасын алда-канча унутуп, акыйкаттуулукту орнотом деп мыйзамдуулукту туу тутуп жүрөт.

 

Булак: “Майдан.kg