Кыргызстан деген кемени чөктүрчү, ушул кезге чейин кыйынчылыктарга кагышып жүрүп топтогон демократия, эркиндик, тереңдик деген сапаттардан ажыратышы мүмкүн болгон Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесинен мекенин төшүн тосуп коргоду. Өзбек чек арачылары үн-сөзү жок жергебизди басып киргенде, анын чыныгы чоо-жайын ушул киши айтып, оо бир кезде Үзөңгү-Куушту коргогондой жерибизди коргоп чыкканы элге жакса да, бийликти чочутту. Алар дароо аны душман көрүп, Акаевдин ыкмасы менен каралоого өттү. Ошондо да баскан жолунан чыкпады. Быйылкы юбилейине карата чындыкты чыркыратып тизген эки китебин жарыкка чыгарды. Буга чейин да чындыкты айта албай калтырап, башын катып корккондордун катарына кирген эмес, дагы да коркподу, мындан ары да коркпойт.

 

Булак: “Майдан.kg