“Эмне үчүн Адахан Мадумаров?”- дешиңиз мүмкүн. Бирок, акыркы алты жылдык тарыхты карасаңыз, минтип бир дагы саясатчынын айткандары толугу менен чындык болуп чыга электигине ынанасыз. Мадумаров башмыйзамдын алешемдиктерин айтканда, Роза Отунбаеваны “самозванка” эсептегенде, баары “тили менен буудай кууругандан башканы билбейт” – дешпеди беле! Эми ошол чындыкты быйыл президенттин өзүнүн оозунан уктуңуз! Азыркы тапта бийликке катыгып, сын айткан эр жигит аз. Айрым саясатчылар жеке керт кызыкчылыгын ойлошу мүмкүн, бирок, Адахан Кимсанбаевич улутубуздун тагдырына кайдыгер карап турбай, “жоо бетинде” жүргөнү-жүргөн. Демек, “жылдын мыкты саясатчысы” атасак, эч адашкан болбойбуз!

 

Булак: “Майдан.kg