Эл уулу Ахматбек Келдибеков мындан төрт  жыл мурун башына үйүлгөн балээден 2016-жылы толугу менен кутулду. 2010-жылдагы революциядан кийин парламентке “Ата-Журт” партиясы көпчүлүк менен биринчи орунда келишинде Келдибековдун салымы да, кадыр-баркы да чоң болгон. Эл бул партиянын ичиндеги журт үчүн күйгөндөрдүн саны басымдуулук кылганына карап добуш берген эле. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп да иштеп, мекени үчүн чын дилинен таза кызматын аянган эмес. Бирок, таза иштегендин жоосу да көп болот турбайбы... Элдин урмат-сыйына татыгандын аңдыганы арбын болот экен. Келдибековду саясий аренадан сүрүп чыгарууну каалаган күчтөр жалган жалаа жабышып, кылмыш ишине аралаштырып тынышты. Ошону менен бул саясатчынын саясий өмүрүндөгү кара чийин бир канча жылга созулду. Жогорку Кеңештин спикери, Соцфонд төрагасы, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси болуп турганда “кызматынан кыянаттык менен пайдаланган”, “коррупцияга барган” деген куру жалаалардын негизинде бир канча убакыт абактын артында да жатып чыкты. Ден-соолугу начарлап, операция жасатуу зарыл болгондо да, адамдын өмүрүнөн өздөрүнүн кызыкчылыгын жогорку койгон бийлик козголуп койгон жок. Бул жактан бутуна кайра кайра жасалган операциялар чет өлкөлүк медицинанын кийлигишүүсү керек экенин аныктады. “Чет өлкөгө чыгарсак эле кайрылып келбей, ошол бойдон житип жоголот”- деген ойду кармангандар “кыйналсаң да, ыйласаң да маңдайыбызда отур”, - дешти. Ошондо Келдибеков жигитчилик сөзүн берди: “Мен мыйзамдан эч кайда качпайм! Эли-жеримди таштап кетпейм! Ден соолугумду оңдоорум менен кайрылып мекениме келип, мыйзам чегинде өзүмдүн күнөөсүз экенимди далилдейм!” – деп. Бул сөздөргө ишенбегендер болушту, “Кыргызстанда Ахматбек Келдибеков деген саясатчы эми болбойт”- деп бүтүм чыгарууга шашылышты. Бирок, ал келди! Өзү айткандай ден-соолугун калыбына салып алаары менен бул жакта сот жообу күтүп турганына, ал эртең кандай чечим чыгарып жиберери бүдөмүк болгонуна карабай, эртеңдин табышмагынан коркпой мекенине кайрылды. Эл алдында берген жигитчилик сөзүн аткарды – узакка созулган сот процесстеринен, алды-үстү жабылган куру жалааларга майышпай, өзүнүн күнөөсүз экенин далилдеп бере алды! 2015-жылы сот аны “Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинен актаса, быйыл коррупцияга аралашпаганы да белгилүү болду. Үстүндөгү оор жүктү таштап, кайрадан саясий кадамын улап, “Ата Журт” партиясын кайрадан жандандырууга катуу киришкен чагы.

 

Булак: “Майдан.kg