Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясы президент Алмазбек Атамбаев УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматын мыйзамсыз түзгөнүн жарыялады.

 

“2011-жылдын 14-декабрында президенттин жарлыгы менен аталган кызмат негизделип, анын жетекчисин дайындоо укугу мамлекет башчысына берилген. Бирок “Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндөгү” конституциялык мыйзамга ылайык, өкмөт түзүмүн жана курамын өзгөртүүнү премьер-министр гана сунуштап, Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилиши керек. Ал эми “Улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү мыйзамда бул мекемелердин жетекчилерин өкмөт дайындоого тийиш” экени белгиленген фракция тараткан маалыматта.

 

Жогорудагы жүйөөлөрдүн негизинде “ата-мекенчилер” Коррупцияга каршы күрөш кызматы түзүлгөндөн берки чечимдери мыйзамсыз болгонун айтып, аларды жокко чыгарууну талап кылууда. Бул мекеменин директору бир эле мезгилде УКМКнын жетекчисинин орун басары кызматын аркалайт. Президенттик аппарат фракциянын билдирүүсүнө жооп кайтара элек.

 

“Азаттык”