Бишкек, "Саясат.kg".  “Ата-Журт” мекенчил саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиев менен маек

 

- Камчыбек Кыдыршаевич, “Ата-Журт” партиясы жергиликтүү кеңеш шайлоолорунда Жалал-Абад, Кочкор-Ата, Кадамжай жана Айдаркен шаарларында ат салышып, бардыгында тең мандат алууга жетишти. Бирок, партиянын бешиги саналган Жалал-Абад шаарында марага төртүнчү болуп келишин жеңилүү катары санагандар бар. Бул жыйынтык учурдагы реалдуу абалды сүрөттөйбү, буга макулсузбу?

 

- Кыргызстан кезектеги ыплас шайлоого күбө болду. Анын жыйынтыгы күн мурунтан чечилип калганын - КСДП партиясын тизме түзүүдө өтө одоно алешемдикке жол бергенине карабастан, аймактык шайлоо комиссиясы четтетсе да, БШКга барганда өйдө жактын көрсөтмөсү менен кайра жарышка кошуп коюшканынан эле билсек болот. Шайлоо аппаратураларын улам бузулуп калып жатышы, шайлоочулардын тизмесинин чаржайыттыгы, участоктор жабылса да жашырынып олтуруп алышып пачкелеп бюллетендерди киргизип жыргашканы факты да. Ушунун баарын эске алганда кайсы таза жана акыйкаттуу шайлоолор тууралуу сөз болсун? Бирок, мындан да өкүнүчтүүсү – капчыктуу партиялар элибизди бузуп бүткөнү болду. Элибизди каратып туруп алдап, сатып алып жатышат. Массалык гипноз болот го, дал ошондой көрүнүш орун алды. Эртеңки келечегин ойлобостон, ушу азыр булар сунуштап жаткан 1-2 миң сомду ала койсо эле жашоолору жакшырып кетерине ынандыра алышкан партияларга “баракелде” дештен башка айла жок. Шайлоонун тагдырын акча, анан административдик күч чечип калган заманга жеттик. Көрсө, өз алдынча мыкты программа жазып, эл аралап, күнүгө ар кандай шайлоочулар менен жолугуушууларды өткөзүүнүн кажети жок экен. Мына, жергиликтүү кеңештерге өткөн партиялдарды карагыла, кана кимиси бизчилер элге чыгып, кыдырды? Биз замандан артта калыптырбыз, көрсө, мындай таза аракеттен майнап чыкпайт экен. Андан көрө элге барып убара болбой, акча таркатып, өтүп кетсе болорун, бул учур чындыгы экенин алар дилилдеп беришти. А бул өтө коркунучтуу илдет. Себеби, сатып алуу жолу менен шайланып келген депутаттар эч качан эл үчүн иштеп бербейт. Алар оболу чачкан акчасын эки эселеп чыгарып алууга жанталашат. Карапайым элимди айыпташтын кереги жок. Аларды алкымы бузуктар  жолдон чыгарды. Элди кылган жумушуна, сиңген эмгегине жараша эмес, чөнтөгүнө карап добуш бердирүүгө ушулар үйрөттү. Эртеңки күнү булар акчанын күчү менен президенттик кызматты да элден сатып алса болорун даана көрсөтүп коюшту. Буга мен өкүнөм. Биз алданып, утулуп калгандырбыз, бирок, эң башкысы, биз элди алдаган жокпуз.

 

- Шайлоого аз күн калганда бириккен үч баатыр: сиз, А.Мадумаров, А.Келдибеков Жалал-Абадда шайлоочулар менен жолугушуу уюштуруп, ага 5-6 миң адам келди. Баары сиздерге колдоо билгизишкен. Бирок, ошого карабастан, шайлоонун жыйынтыгында “Ата-Журт” 2 миңден араң гана ашкан добуш алды. Ушундан улам, “үчөөнүн элде кадыр-баркы деле калбаптыр”,- деп бийликчил маалымдоо каражаттары сындап чыгышты. Чын эле ушундайбы?

 

- Бүгүнкү бийлик биздин биригүүбүздү өзүнүн келечеги үчүн чоң коркунуч катары кабылдап жатат. Ошондуктан, “үчөөнүн кадыр-баркы түшүп кетти”, “эртең эле ажырашып кетет”- деген “кара пиарга” булар абдан муктаж. Шайлоонун кандай өткөнү тууралуу өйдөдө айтып өттүм. Биз утулган жокпуз, кадыр-баркыбыз кемип калбады. Мындан капчыктууларга жана бийлиги колунда тургандарга алданган эл утулду. Анан да бийлик утулду. Эптеп референдумду өткөзүүнүн камында баарына барышты. Ошондон улам, эл азыркы бийликтин тушунда акыйкат шайлоолор болбостугуна биротоло көзү жетти. Андыктан, “эч болбосо булардын акчасын алайын, биз кааласак деле колдогон партиябыз өтпөйт”,- деген чекке жетти. Референдумга 40 пайыз эл иш жүзүндө келген жок. Анын 80 пайызын башмыйзамды колдоду деш да кыйын. Бийликти эл чындап колдосо, реферундумга келген элдин саны алда канча жогору болот эле. “Барганда эмне, менин добушум эч нерсе чечпейт”- деген ишенимди элдин жүрөгүнө орнотушуп, каалаганын жасашты. Буга тарых өз баасын берет. Атамбаевдин да доору бүтөт, ошондо бул референдумдун жыйынтыктары каралат.

 

- Бириккендер эртең эле “президенттикке мен барам”- деп талашып, таркап кетериңерди сөз кылышууда. Ушундай болушу мүмкүнбү?

 

- Бийликтин айласы кетип, ушундай ушактарды таркатып жатат. Биздин арабызда президенттик шайлоого баруу боюнча так келишим бар. Арабыздан бирөө барат, калганыбыз ага жөлөк-таяк, тирек болуп беребиз. Албетте, ансыз деле “ата-мекенчилер” менен кармашта кармана турган нерсеси жоктон далбастап калган бийлик үчүн биздин бириге калып, саясий аренага чыкканыбыз күтүүсүз болду. Алар “ата-мекенчилерди” жайлап, саясаттан Текебаевдерди сүрүп чыгарса тең ата боло турган күч жок калып, “мураскерди” эч кыйынчылыксыз олтургузуп алууну кыялданган. Биз бул планды буздук. Жөн гана президенттик шайлоого аттанып атканыбызды айтпастан, бийлик менен “ата-мекенчилердин” кармашында “арбитр” болуп турарыбызды эскерттик. Мыйзам кимиси тарапта болсо, колдойбуз. Мына, Салянова бизге канчалык жамандык кылбасын, эгер бийлик ага негизсиз куугунтук уюштурса, жигит катары аны коргоого аларыбызды жар салдык. Бул билдирүүлөр бийликти чочутуп жиберди. Анан да Адахан Кимсанбаевичтин беш-алты жыл мурун айткандары азыр чын болуп чыкканы, эл аны акыйкат саясатчы катары пир тута баштаганы Ак үйдөгүлөрдүн төбө чачын тик кылууда. Ахматбек Келдибековду сындыра албай, ал кайрадан саясатка баш-оту менен киришкенине кейип турушат. Ошондуктан, булардын бизди ушактап, жаман көргөзгөндөн башка айлалары жок. Арабызга чок таштап, бузуу үчүн колдон келгенин жасашат жана булардан баарын күтсө болот.

 

- Акыркы кезде азыркы чакырылыштагы Жогорку Кеңешти кыргыз тарыхындагы деңгээли эң пас парламент катары санап, тезинен таркатуу демилгеси көтөрүлүп жатат. Колдойсузбу?

 

- Парламентте чындыкты сүйлөгөн 3-4 эле депутат бар. Алардын бирөөсү – Чолпон Жакупова мандатын тапшырып жатат. Ал кетпесе деле, парламент түп-тамырынан президенттик аппаратка баш ийип, анын юридикалык бөлүмүнүн кызматын аткарып калганын бешиктеги бала деле айтып берет. Эл үчүн күйгөн, чыныгы патриот адамдар жок, жеке керт башынын кызыкчылыгын ойлогон бай-кузгундар толуп алыптыр. Алардын кээ бир бөлүгүнүн келишине салым кошконум үчүн азыр да өкүнөм. Кечээ эле адилеттүүлүк үчүн башын сайып коюуга даяр балдардын парламентке баргандан кийин балыктай болуп олтуруп калганына жаным кашайып турат. Ошондуктан, мен да бул Жогорку Кеңештин таркатылышын колдойм. Элге ныпым пайдасы жок болгондон кийин, аларды элдин эсебинен кармап, багып, байытып олтуруунун эмне кереги бар?

 

Адилет Нуржигитов