БШК бул шайлоо өнөктүгүнө шайлоочулардын болгону 40,48 пайызы катышкан менен өттү деп жарыялады. Демек, бул бийлик билгенин кылат дегендик. Себеби шайлоого катышкандардын 79,62 пайызы же 1 миллион 154 миң 141 киши Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдоптур. Каршы 15,37 пайызы же 177 миң 933 киши добуш берсе, 5,01 пайыз же 57 миң 877 бюллетень жараксыз деп табылды. Бирок көпчүлүк мугалим, врач сыяктуу бюджеттик кызматкерлер, солдаттар шайлоого мажбурлап катыштырылгандыгын көрүп, билип эле турдук. Референдумга президенттин, өкмөт башчынын, депутаттардын, судьялардын ыйгарым укуктарына жана жарандардын укуктары менен эркиндигине байланышкан Конституцияга 26 өзгөртүү киргизүү маселеси алынып чыккан. Бирок ушул узун тизмедеги сунуштардын баардыгына бир дем менен “ооба” же “жок” жооп берүүгө мажбурлаган туурабы? Деги эле жалпы калктын жарымынан азы катышкан шайлоону мыйзамдуу деп атаган туурабы? Эмнеге 60% эл шайлоого катышпай койду? Бул азыркы кыргыз бийлиги менен алардын жасап жаткан ишине элдин ишенбей тургандыгынын белгиси эмеспи?

Булак: “Майдан.kg” гезити, №45, 15.12.2016-ж.