Эки жүздүүлүк менен карөзгөйлүк, шылуундук менен шумпайлыктын арааны жүргөндө адилеттик, чынчылдык, ыймандуулук сыяктуу улуу касиеттер жоголгон сыяктуу эле азыркы жалаң өзүн ойлоп, элди эсинен чыгарган кыргыз бийлиги менен парламентинде ыймандуу адамдарга иштөө кыйын эле болууда.

 

Алардын бири “Бир бол” партиясынын депутаты Чолпон Жакупова болчу. Өткөндө оппозициянын курултайында да трибунада чыгып сүйлөп, бул айым “азыркы депутаттардын 95%ы бийликке жатып берди”,- деп чыркыраган чындыкты бетке айткан болчу. Эми чөөлөрдүн арасына түшүп калган койдой өзүн ыңгайсыз сезген депутат айым эркек депутаттарга окшоп бийликке “жатып бергенче” ыйманы менен уятын жогору коюп, 1-январда мандатын тапшыра тургандыгын билдирди. Конституцияны өзгөртүү демилгеси көтөрүлгөн кезде ага айрым саясатчылар жана депутаттар каршы чыккан. “Бир Бол” фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова эгер референдум өтүп, Баш мыйзам өзгөрсө, мандатын тапшырарын билдиргендиги дайын болчу. Эми ал “эркекче” сөзүнө туруп, депутаттык менен кош айтышууда. Балким, туура эле кадам жасагандыр...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №45, 15.12.2016-ж.