Жакында эле мындай “ишмердүүлүк” боюнча мурдагы премьер-министр А.Муралиевдин Алтынбек деген Өкмөттө жашыруун документтер менен иштеген уулу соттолгон. Бирок губернатор, вице-премьер-министрлердин да өз өлкөсүнө чыккынчылык жасагандыгын мурда угуп-көргөн эмеспиз. Өткөн жумада Шабнами Собири аттуу “Бирдиктүү Тажикстан” оппозициячыл элдик кыймылынын кабарчысынын e-tadjikistan.org сайтына “Кыргызстандын өкмөтүндө Тажикстан ГКНБсынын агенти иштеп жатат” аттуу макаласы жарыяланып, ал кыргыз гезиттерине которулуп басылды. Анда Өкмөттүн Баткен облусундагы мурдагы өкүлү, учурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тууралуу сөз болот. Макалада Тажикстандын президентинин колунан 2-баскычтагы “Спитамен” ордени менен ГКНБ чалгынчысы подполковник Мирзоев Зоир сыйлангандыгы, дал ушул адам 2000-жылы Согдий областы боюнча ГКНБ башкармалыгынын чалгынчысы болуп иштеп турган кезинде, компроматтуу материалдарды колдонуу аркылуу Кыргызстандын Баткен областынын Ички иштер бөлүмүнүн кызматкери Ж.Разаковду  вербовать этип  алгандыгы, андан ары губернатор, вице-премьер-министрликке көтөрүп, президенттикке даярдап жаткандыгы айтылган. Эми биздин УКМК бул макалага кандай жооп кайтарат болду экен?!

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №45, 15.12.2016-ж.