Кыргызстан социал-демократтар партиясы Жалал-Абад шаарынын шаардык кеңешине шайлоодон четтетилди. Мындай чечимди аталган шаардагы аймактык шайлоо комиссиясы кабыл алды.

 

 

  

Эске салсак, буга дейре Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Б. Нуралиева ушул эле шаардагы шаардык кеңештин депутаттыгына ат салышып аткан “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата Мекен” жана “Ата Журт” партиялары кайрылуу жолдошкон. Анда шаардык кеңештин шайлоосуна катышып аткан КСДП партиясы талапкерлердин тизмесин түзүүдө мыйзамды одоно бузуп, аял талапкерлер менен эркек талапкерлер ортосунда тең салмактуулук сакталбагандыгы жана алардын кезек айырмасы эки пайыздан ашып кеткендиги айтылган. Белгиленгендей, КСДП партиясынын Жалал-Абад шаардык кеңешине талапкерлеринин тизмесинин 27%ын аялдар, 73%ын эркектер түзөт. Ал эми Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 49-беренесинин 7-пунктуна ылайык “шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин тузүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайызынан ашпаган өкүлчүлүгүн  эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезектигинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш” деп белгиленген.

 

Аталган үч партиянын кайрылуусун  Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясы карап чыгып, КСДП партиясынын талапкерлер тизмесинде мыйзам бузуу болгондугун моюндашкан. Анын негизинде , “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 44-беренесинин талаптарынын негизинде ушул мыйзамдын 53 жана 60-беренелери менен аныкталган каттоо эрежелери бузулганда - талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жокко чыгарылышы зарыл” – мыйзамына ылайык, КСДПны шайлоодон чететтүү чечимин кабыл алды.

 

Анткен менен негизги чечим Борбордук шайлоо комиссиясында турат. БШК аймактык шайлоо комиссиясынын чечимин карап чыгып, өз чечимин чыгарат. Борбордук шайлоо комиссиясы көп учурда “кол ийрисине тартат” болуп, “өзүнө караштуу” тараптардын “анча-мынча” кемчилигине көз жумуп кое берчү эле. Бул сапар кандай болоорун баамдап туралы...