“Ата-Мекендин” лидери Ө.Текебаев өзбек сепаратисти Кадыржан Батыров менен “эч кандай байланышым болгон эмес деп актанып келет”.

 

Чындыгында Кадыржан Батыров Текебаевдин жетеги менен иш алып барганы белгилүү. 2010-жылдын май айында Сузактагы Бакиевдердин үйүн, боз үй менен желекти кошо өрттөп жаткан учурда укук коргоочу Азиза Абдрасулова менен Коммунисттик партиядан Нарын чөлкөмүнүн Жогорку Кеңешке депутат болгон келин (аты жөнү эстен чыгып кетти) Текебаевге келип: “Батыровдун мындай аракети Түштүктө эки улуттун ортосунда жаңжалды жаратып, кан төөгүгө алып келет, андыктан Батыровду тыйып коюңуз”,- деп кайрылышат. Ошол жерден Текебаев Батыровго телефон чалып: “Кадыржан аке катуу кетпең, биз сүйлөшкөндөй эле болсун!”- деп эки айымдын көзүнчө команда берет. Бул Текебаев менен Батыровдун эл билбеген көмүскө мамилесине далил. Ошол кездеги Текебаев менен Батыровдун телефон сүйлөшүүлөрүн, ал кайсыл жерде болгону оперативдик иликтөөгө ала койсо эле дароо ачыкталат. Бул маалыматты 2011-жылы жайында “Хаятт” мейманканасында Азиза Абдрасулова менен Нарындык экс-депутат келин өздөрү айтып беришкен.

 

Увайдулло Сабыров

(электрондук даректен келген маалыматты өзгөртүүсүз бердик)