Бишкек, “Саясат.kg”. Редакциябызга Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттыгына шайлоого катышып жаткан “Өнүгүү-Прогресс”, “Ата-Мекен” жана “Ата-Журт” партияларынын Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясынып төрайымы Б.Нуралиевага жолдогон кайрылуусу келип түштү. Ага ылайык, КСДП партиясы шайлоо тизмесин түзүүдө өтө чоң мыйзам бузууга жол бериптир. Бул өз кезегинде КСДПны шайлоодон четтетүүгө жетиштүү далил болуп саналат. Төмөндө кайрылууну толугу менен сунуштайбыз:
“Жалал-Абад шаардык аймактык шайлоо комиссиясынып төрайымы Б.Нуралиевага
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамынын 49-беренесинин 7-пунктуна ылайык “шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин тузүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайызынан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезектигинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш” деп белгиленген.
Өз талапкерлеринин тизмесин түзүп, Жалал-Абад шаарынын аймактык шайлоо комиссиясына берген Жалал-Абад шаардык Кыргызстан Социал-Демократтар партиясынын бөлүмү (КСДП) Мыйзамдын талаптарын одоно турдө бузган. Тактап айтканда, партиянын талапкерлеринин тизмесинде жалпысы 85 адам болсо, анын ичинен 27 пайызы аялдар жана 73 пайызы эркектер түзөт. Мындан сырткары, аялдардын жана эркектердин кезектигинин айырмасы зки пайыздан ашып кеткендигин БШКнын расмий сайтында жарык көргөн Жалал-Абад шаардык КСДПнын бөлүмүнүн талапкерлеринин тизмеси далилдейт.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 44-беренесинин талаптарынын негизинде ушул мыйзамдын 53 жана 60-беренелери менен аныкталган каттоо эрежелери бузулганда - талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирилбестен жокко чыгарылышы зарыл. Ошондой эле, Мыйзамдын 53-беренесинин 8-бөлүгүнүн 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй, партиянын берген тизмесин көрсөтүүнүн Мыйзам менен каралган татибин сактабоо - талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуунун негизи боло алат.
Жогорудагылардын негизинде, Жалал-Абад шаардык кеңешине депутаттарды шайлоосуна талапкерлеринин тизмесин түзүүдө Мыйзамдын талаптарын одоно түрдө бузган Жалал-Абад шаардык Кыргызстан Социал- Демократтар партиясынын (КСДП) талапкерлеринин тизмесин каттоону жокко чыгаруу маселесин карап көрүп, мыйзам чегинде чечим чыгарууну суранабыз.
Маалымат үчүн: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий интернет сайтындагы дарек: http:/www.shailoo.gov kg/
Tиpкемe. Жалал-Абад шаардык Кыргызстан Социал-Демократтар партиясынын (КСДП) талапкерлеринин БШКнын расмий интернет сайтынан алынган тюмеси 2 баракта, партиянын үгүт гезити 4 баракта.
Сизди урматтоо менен
“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан
Жалал-Абад шаардык “Ата Мекен” саясий партиясынан
Жалал-Абад шаардык “Ата Журт” саясий партиясынан
КСДПнын Жалал-Абаддагы шайлоого карата түзгөн тизмеси:
1. Субанов Бакыт Калдарович
2. Ибрагимов Сироджидин Инабидинович
3 Кудашова Гульмира Айилчиевна
4 Чимбердиев Сайдилла Суюмбаевич
5 Туманов Мирлан Келдибекович
6 Осмонова Гулнара Шермаматовна
7 Жалалов Мурадилло Мухитдинович
8 Эрназаров Жениш Нуркалилович
9 Рыскулова Гулжамал Уметкуловна
10 Наев Талантбек Даланович
11 Нарбаев Давран Акрамжанович
12 Токсонбаева Зулпузар Жамшитовна
13 Панзов Азамат Мамазакирович
14 Осмонов Алманбек Эрмаматович
15 Акжолова Мейманбу Жолдошевна
16 Аширов Куттубек Абдирайымович
17 Мирзакамалов Мирсаиб Мирзамамедович
18 Жуманалиева Максудакан Бекиевна
19 Увайдуллаев Ислам Увайдуллаевич
20 Саитов Фарход Абиджанович
21 Багишова Мая Рысбаевна
22 Алиев Алексей Турдукулович
23 Мамасыдыков Абдилбает Асанович
24. Максуталы кызы Нургул
25 Ташбаев Сейитбек Салибраимович
26 Жакыпов Уларбек Абдуллаевич
27 Мамасадыкова Нуржамал Душалыевна
28 Таджиев Фарахитдин Тохтасинович
29 Калешов Саматбек Адамбаевич
30 Адишова Айнур Жапарбаевна
31 Абышкаев Максатбек Динадилович
32 Касымалиев Бекболот Байышевич
33 Зулпукарова Бегимай Муктарбековна
34 Азимов Ахмад Мирхакимович
35 Курманалиев Мурланбек Курманалиевич
36 Мамадалиева Буниса Сайдилдаевна
37 Жоробаев Адилбек Суюнбаевич
38 Каримова Нурбу Рыскуловна
39 Маматов Нурлан Жанышович
40 Усенов Кенеш Джумабекович
41 Сакбаева Зулфия Исраиловна
42 Нарматова Мавлюда Таевна
43 Казакбаев Нурлан Калдарович
44 Атгокурова Жибаргул Бекеновна
45 Арынбаев Жаныбай Токоевич
46 Маматканов Кенешбек Апсалиевич
47 Маматов Алтынбек Жороевич
48 Аскарова Айнура Каныбековна
49 Сатарбаев Эмильбек Рахимжанович
50 Mypзаев Станбек Максатович
51 Аканов Нурбек Калмаматович
52 Мамашова Адинахан Сайпидиновна
53 Таштанбаев Мырзабск Таштанбаевич
54 Маматов Зарыпбек Топчубаевич
55 Кокумбаева Кулумкан Асановна
56 Абдираимов Парлавай Назырович
57 Шарипбеков Улан Нуржанович
58 Чатаев Ашим Нишанбаевич
59 Шайдуллаева Назгул Искандаровна
60 Аттокуров Давлят Арзимаматович
61 Пиримкулов Айбек Абдыманапович
62 Сартбаев Орозали Мурэабекович
63 Раева Бермет Жаанбаевна
64 Кыргызбаев Бакытбек Камбарович
65 Курбанали уулу Акматбек
66 Суллайманов Жоомарт Аскарович
67 Мусаев Айтбай Исмаилович
68 Садыков Мыктыбек Эмилбекович
69 Кочкорбаев Асылбек Акимбаевич
70 Акимбаев Алишер Эргешович
71 Эгембердиев Талантбек Бакирович
72 Сулайманов Мелисбек Токтосунович
73 Осмоналиев Талантбек Жаныбекович
74 Тойчиев Орозбек Алтымышевич
75 Султанов Чынгыз Тыныбекович
76. Джороев Аскат Торобаевич
77. Темиров Сеитбек Арстанбекович
78. Алмаматов Искендер Жаныбекович
79. Токтоболотов Адашалы Орозбекович
80. Сариев Таалайбек Акимович
81. Азизбеков Бектур Азизбекович
82 Машанова Айнур Сапарбаевна
83 Эрматов Нурдин Манапович
84 Абдыкадыров Мирбек Алыканович
85 Эгембердиева Алтынай Дуйшоевна