Кыргызстандагы эки революциянын (же төңкөрүш) “бульдозери” деген “ата-даңкы” бар, президенттин мурдагы досу жана азыркы душманы, айтылуу А.Бекназаров өткөндө Бишкектеги отелдердин биринде 60 жылдыгын белгилеп, катары менен үч китептин бет ачаарын кошо өткөргөн. Ага эски досунан башка Р.Отунбаева, Э.Каптагаев сыяктуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү катышышкан. Азике ошол китебинде өзгөчө 2009-жылы ал кездеги президент К.Бакиевдин башкы атаандашы болгон азыркы президент, жанажан досу А.Атамбаев тууралуу эскерүүлөрдү көп жазыптыр. Мисалы, социалдык тармактарга “Эртеси биздин жолугушуубуз Базар-Коргондун “Акман” айылында саат 10до эле. Мен Атамбаевдин балдарына болгула, чыккыла, кеттик, – дедим. Бир аз убакыт өтпөй Болот Сүйүмбаев (Атамбаевдин жансакчы башчысы, ишенген адамы) мага келип: “Байке туалетке кирип чыкпай жатат, көп болду, ичинен жаап алыптыр”- деди. Мен барып такылдатып, “чык” десем үн жок. Бөлмөсүнө кирсем столдун үстүндө “Путинка” деген арактын эки бош бөтөлкөсү турат. Болоттон, “бул эмне?”- десем: “Түндө Жээнбеков экөө ичкен”- деди. Дагы такылдатып, үн чыкпагандан кийин, арга кетип эшикти күч менен ачтырдым. Ал унитазда олтуруп уктап калыптыр. Өзүн билбейт. Жардамчылары, Илмиянов, дагы башкалар көтөрүп чыгышты”,- деген үзүндүлөр чыгып кетти. Азыр окурмандардын арасында мындай саптардын авторун сындагандар да, колдогондор да болууда.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №43 (274), 30.11.2016-ж.