“Мен адаммын, мен да да адашам. Саляновага жаңылып ишенип алганымды анын күйөөсүнүн коррупциялык иштери ачыкка чыга баштаганда билдим”, - деди Атамбаев.

 

Бүгүн, 1-декабрда өлкө башчысы жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын өткөрдү.

 

Экс—башпрокурор, учурдагы депутат Аида Салянова тууралуу айтып атып, адам эмес, пайгамда да жаңыла турганын белгиледи:

 

“Эл Мухаммед пайгамбарга келип буудай эксекпи, же жүгөрүбү деп сурашат. Пайгамбардын кеңеши менен эгин эгишет, бирок күзүндө ал өнбөй калат. Мен да адам болгонумдан кийин адашам. Саляновага адашып ишенгенимди анын күйөөсүнүн пара алып жатканы боюнча маалымат жеткенде билдим. “Күйөөңдүн эмне кылып атканын карачы дедим. Жанымда жүргөн адамдарга ишене бермей адатым бар, ага да ишенгем”.

 

Президенттин белгилөөсүндө, Аида Салянованын күйөөсүнүн кылыктарын ага энергетика министри Осмонбек Артыкбаев маалымдаган.

 

“Осмонбек Артыкбаев келип кимдир бирөө көмүр алып келүүгө жолтоо болуп атканын, адамдар андан коркушкандай президенттен да коркушпаганын айтты. Ал адам Салянованын күйөөсү болуп чыкты. Коррупция менен күрөшүмүш болуп эле ойноп аткан экен да. Мен ага көмүр боюнча коррупциялык иштер тергелип аткан учурда эмгек эргүүсүнө чык деп кеңеш бергем. Ушундан кийин Салянова менен иштешпейм, кетсин дедим. Өз каалоосу менен арызын жазды. Кылмыш мөөнөтү эскире элек болсо ал үчүн жооп бериши керек”, - деди өлкө башчысы.