Бүгүн, 1-декабрда, өлкө башчысы жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынын өткөрдү.

 

 

Атамбаев маалымат жыйынына бир аз кечигип келди. Кечигүүсүн “биринчи ирет жаза турганга илинчек болуп берсин деп кечигип келдим”, - деп түшүндүрдү.

 

Ал өзү башкарган беш жыл ичинде Кыргызстан жаман жактарын жакшыга өзгөртө алганына ынандырды. Ошондой эле бир жылдан кийин бийликтен кетип, өлкөнүн 2040-жылга чейин туруктуу өнүгүүсү боюнча стратегия жазуу ниетин багып жүргөнүн билдирди.

 

“Кыргызстан жаман жактарын жакшыга өзгөрттү, бул кыргыз элинин күчтүү экенинен кабар берип турат. Кудайга шүгүр, беш жылда жасаган иштерге ыраазымын. Алсыздар алдыдан коркунучту гана көрө алат, а күчтүүлөр жаңы жолду таба билишет. Бийликте турган кезим быйыл алтынчы жылга караптыр. А мага 25 жыл өткөндөй сезилет. Кудайдын жана кыргызстандыктардын жардамы менен көп иштерди жасадык. Нааразы болбойм. Өлкөбүз азыр такыр башка нукта баратат”, - деди президент.