Бүгүн, 1-декабрда президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" резиденциясында журналисттер менен жолугушуп, жыл жыйынтыгын чыгаруучу маалымат жыйынын өткөрмөк. Ага катыша турган журналисттер алдын ала президенттик администрацияга тизмесин беришип, аккредитациядан өтүшкөн. Алардын арасында "Сентябрь" телеканалынын журналисти Болот Абдыжапаров да бар эле.

 

Бирок, таң эрте журналисттерди резиденцияга жеткирчү автобус Болот Абдыжапаровсуз жолго чыкты. Анткени, белгисиз себептер менен "Сентябрь" телеканалынынын журналистин президенттин маалымат жыйынына катыштыруудан баш тартышты. 

 

Бул окуянын видеосу соцтармактарга жарыяланды. Анда Абдыжапаров журналисттер отурган автобусту узата карап жол жээгинде жалгыз кала берди... 

 

Буга журналист өзү деле эмне себеп болгонун түшүнгөн жок. Ал соцтармактарга: "Мени тизмеден чийип салышкан болсо, таң эрте убара кылышпай, алдын ала телефон чалып эскертип койсо болбойт беле", - деген гана нааразычылыгын калтырды. 

 

Бирок, коомчулукта кеп төркүнү кайда экени, шамал кайсы жактан жортуп атканы түшүнүктүү болуп калгансыды. "Сентябрь" телеканалы бийликке ачуу чындыкты айтып, оппозициялык маанайдагы көрсөтүүлөрү менен таанымал. Андыктан, өлкө башчысы менен жолугушууга өлкөдөгү "тандамал тартиптүү" маалымат каражаттарынын гана өкүлдөрүнө гана уруксат берилгени анык болду. 

 

Президент "тартипсиз" "Сентябрдын" журналисти чындыкка чыланган, ачуу суроону маалымат жыйынында берип калабы деп чочулады окшойт...