Учурда УКМКнын абагында жаткан оппозиционер Кубанычбек Кадыровдун атасы Бекболсун Кыдырбаев бийлик тарабынан куугунтукка кабылып, камакка алынуу коркунучунда турат.

 

Эске салсак, Кубанычбек Кадыров ушул жылдын март айында мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген деген айып менен    камакка алынып, УКМКнын абагына киргизилген.

 

Оппозиционердин атасы Бекболсун Кыдырбаев 20 жыл илгери пансионаттын жетекчиси болуп эмгектенген. Кийинчерээк саясий куугунга кабылгандыктан, мекенинен чыгып, Америкадан баш калкалоо издөөгө мажбур болгон. Кечээ, ал Кыргызстанга учуп келип, ден соолугу начарлагандыктан Каракол шаарындагы ооруканага кайрылган.

 

Ал эми бүгүн Бекболсун Кыдырбаевге укук коргоо кызматкерлери барып, аны камакка алуу тапшырмасы келгенин айтышкан. Себеби, Кыдырбаев 20 жыл мурун пансионатты жетектеп турганда мыйзамсыз иш аракеттерге барганы эми бийликтин эсине түшүп, аны камакка алууга мезгил келип жетиптир.

Бекболсун Кыдырбаевдин уулу Марс Кыдырбаевдин айтымында, атасынын ден соолугу начарлоодо. Эгер ал камакка алынса, дарыгерлердин көзөмөлүнөн ажыратылып, өмүрүнө коркунуч туулушу ыктымал.

 

Буга дейре коомчулукта президент Атамбаев оппозицияда жүргөн кезде Бекболсун Кыдырбаев менен пикирлештерден болушканы айтылып келген. Ал турмак Марс Кыдырбаев маалымат каражаттарынын бирине: “Атамбаев менен атам айылыбыздагы алма бактын ичинде эл катары арак ичишип, ага-инидей болушуп жүрчү эле. Атамбаев  атама, “Бекбосун байке” деп кайрылчу. Алдыдагы саясий максат Бакиевдерди кантип кетирүүнү, төңкөрүштү, мамлекеттик бийликти кантип басып алууну айтышып, пландары менен бөлүшүп отурушчу”, - деген маек берген.