- Каныбек мырза, алгач сөздү сизге козголгон кылмыш ишинин жыйынтыгынан баштайлы. Сизди коррупционердей таасир калтырган кылмыш иши эмне болду?

 

- Кудайдын көзү түз экен. Шайлоого катыштырбай, жок жерден жаманатты кылып кылмыш ишин козгошту эле акыры ак экеним, коррупцияга аралашпаганым далилденип,  иш жабылды. Болгону, иш жабылганда гана ал кылмыш иш жалгыз мага гана козголбогонун билдим. Менин ишимди тергеген жигит “60 жашыңыз кут болсун” деп  туулган күнүм менен куттуктап, анан кылмыш ишинин жабылганын, коюлган айыптар далилденбегенин айтып, колума кылмыш иштин  жыйынтыгы жазылган кагазды берди. Ал кагазды колума алганда кызыктай абалга туш болдум. Себеби, ал кылмыш иш жалгыз мага гана козголбоптур. Ошол кездеги Билим берүү министри Канат Садыковго , КРСУнун ректору Нифадьев жана КРСУнун окумуштуулар кеңешине кошо козголуптур. Менин атымды саясат үчүн гана чыгарып, башкалардын атын көмүскөдө сакташыптыр.

 

- Ал кимдин тапшырмасы болгонун, анын башында кимдер турганын билдиңизби?

 

- Билем. Ал тургай кандай максат менен мага жалаа жапкандарына чейин билем. Мезгили келгенде алардын атын ачыкка чыгарам. Азыр сабыр кылып турайын...

 

- Бар байлыгыңыздын баары текшерүүгө алындыбы?

 

- Алынды бирок, канча чукуса да үч бөлмөлүү үй, СССР убагында алган дачамдан башка эч нерсем чыккан жок. Анан паракор эмес экениме ишеништи окшойт. Эгер пара алган болсом, эч нерсеме карабай камап коюшмак. Ашык дүйнөм болбогонун көрүп, билгенден кийин  жаман ишке аралашпаганым далилденген үчүн, актоого аргасыз болушту. Болбосо  мени эбак эле камап коюшмак.

 

- Бакиевдин доорунда иштегениңиз үчүн ушундай  абалга кептелип жаткан жоксузбу?

 

- Ошондой десек да болот. Курманбек Бакиев менин билим берүү системасын жакшыртуу үчүн жасаган аракетимди баалаганы менен ал да бирөөлөрдүн тилине кирип, мени ал кызматтан кетирүүгө аргасыз болгон. Себеби, китепке бөлүнгөн 80 миллионду анын иниси Адыл Бакиев “менин фирмама которосуң” дей  баштаган. Бакиевдин инисине каршы болгонум үчүн ордума башканы коюшкан. Мына ушундай саясаттын курмандыгы болгонума карабай көптөр мени “Бакиевдин кадры” деп каралаганга  аракеттеништи. Башкача айтканда, оппоненттерим Билим берүү министри болуп иштеген тогуз айды пайдаланып, мени “монстр” кылып көрсөтүүгө аракет кылышты. Ошол саясаттын кесепети мени каралоого чейин жетти. Негизи, Бакиев менен Акаев кадрлардын убалына калган үчүн ушундай тагдырга туш болушту. Мен көчөдөн келип эле Билим берүү министри болуп калган жокмун да. 30 жылдан ашуун убакыт педагогика тармагында иштеп, мектептеги мугалимдиктен декан, ректорлукка чейинки бардык тепкичтерди басып өттүм. Эмнегедир аны эске алышпай жатат.

 

- Акыркы мезгилдеги Билим берүү министри болгон адамдар мектепте бир да күн иштебегенин айтып, сындап жатышат. Аларга кандай комментарий бересиз?

 

- Билим берүү тармагында бир да күн иштебеген, башкача айтканда, бир күн мектепте да мугалим болуп иштеп көрбөгөн айымдар Билим берүү министри болду. Алар билим берүү тармагындагы маселелерди анча биле бербегендиктен, көп катачылыктарга жол беришти. Жыйынтыгында Кыргызстан эксперимент жасай турган мамлекетке айландык. Айтайын дегеним, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан макул болбогон программаларды Кыргызстан түз эле  колдонууга өттү. Мына ошондой катачылыктардын кесепетинен билим берүү тармагындагы абал күндөн күнгө оорлоп баратат. Барынан кызыгы, өткөндө Билим берүү министринин бакыйган эле орун басары Белгия менен Кыргызстанды салыштырып сүйлөп жатат. Белгияда төрөгөндөрдүн саны өлгөндөрдүн санына караганда аз. Ошон үчүн бир баланы төрт киши карайт. Башкача айтканда, чоң энеси, чоң атасы, апасы, өз атасы. Кыргыздарда жок дегенде бир үй-бүлөдө 3-4 бала болот. 3-4 балага Белгиядагыдай болуп, 4 киши үзүлүп түшүп карабайт. Ар кимисинин өзүнчө түйшүгү болот. Аны эске албай курикумду көчүрүп келишип, колдонууга өтүштү. Бул түшүнгөн кишиге билим берүү тармагын өнүктүрмөк тургай, зыянкечтик кылып жатышат. Мындан ары билим берүү жана дин системасына эксперимент жүргүзгөндү токтотпосок аянычтуу абалга кептелип калабыз. Айтайын дегеним, “дин тармагы эртең эмне болуп кетет?”- деп ойлоно турган абалга кептелип калды. Анткени, башка мамлекеттер тыюу салган диний агымдарга Кыргызстан эшигин ача берип, жыйынтыгында башка мамлекеттер чочулаган агымдар биздин өлкөгө толуп, алар ишенимге кирип,  бийлик бутактарына  иштегенге чейин жетишип  калышты. Башкача айтканда, жок эле дегени имам болуп алышты. Мына ошондой агымдагы адамдар жогорку кызматтарга чейин жеткени үчүн Ала-Букадагы маркумду үч жолу жерге берген жагдай орун алды. Айтайын дегеним, 20 жыл аралыгында түндүк-түштүк деп бөлүнгөн жагдай Ливиядагыдай христиан менен мусулмандардын кагылышына алып келиши мүмкүн. Ошон үчүн эсибиз барда этегибизди жаап, бардык маселени эске алып, тийиштүү чара колдонушубуз керек.

 

 - Каныбек мырза, декабрь айында боло турган референдумга барасызбы?

 

- Референдум күнү барып, добушумду берем. Референдумга “саясый тирештер токтосун, Кыргызстанда тынчтык болсун”- деген тилек менен барам. Референдумдун эртеси тынчтык эле болсо экен деп тилейм. Анткени, мамлекеттин бараткан багытын эстегенде, эки ача пикирлерди жараткан маселелерди көргөндө “мамлекетибиздин эртеңи эмне болот?”- деп кыжаалат боло түшөм. Себеби, бүгүн билим берүү тармагына да, дин тармагында да опурталдуу жагдайларга шарт түзгөн маселелер арбын. Алардын баарына бүгүн маани бербесек, эртең кеч болуп калып, мамлекетибиздин бүтүндүгүнө кооптуу жагдай жаралып калабы деп кооптоном.

 

- Ал кырдаалды жолго салыш үчүн эмне кылышыбыз керек?

 

- Динди да, билим берүү тармагын да тобокелдикке салып,  идеологиянын курмандыгы кылбай мамлекеттик катчылык кызматты калыбына келтиришибиз керек. Антпесек, ушул жагдай уланып, мунун түбү аянычтуу жагдайлар менен бүтүп калышы мүмкүн. Себеби, идеологиянын жоктугунан окуучулар радикалдарга ыктап, мамлекетте кооптуу жагдай жаратып жатышат. Бул кырдаалды жолго салыш үчүн кошуна мамлекеттердей болуп, окуучуларга диндердин тарыхын, философиясын, багытын окутушубуз керек.  

 

- Баса, жогору жактагылар илимпоз адамдарды колдоого алып жатышабы же көз жаздымда калып, маани берилбей калдыбы?

 

- Өмүрүн илимге арнаган чыныгы илимдин адамдары эмнегедир кодуланып, аларга маани берилбеген тенденция башталды. Өкүнүчтүүсү, диссертацияны өзү жазбаган бирок, жогору жактагыларга жагынганды билгендердин зоболосу көтөрүлүп, илимпоздордун маанайын түшүргөн жагдайлар орун ала баштады. Бул нерсе  илимпоздордун стимулун жоготуп жатат. Биз революцияны мамлекеттик бийликти алмаштырууга эмес, илимде, техникада жасоону үйрөнсөк  болот эле.

 

- Өмүрүңүздүн баарын илимге арнаганыңызга өкүнбөйсүзбү?

 

- Өкүнбөйм. Бирок, неберелеримдин сөзүнө жооп бере албай калганда ыңгайсыз болуп кетем. Айтайын дегеним, неберем “ушунча жылдан бери пара албай иштедиң. Жыйынтыгында мамлекет сенин эмгегиңди бир барак кагаз берип  деле эстеп койбойт экен го” дегенде ойлоно түштүм. Сыйлык алайын деп жан талашпайм. Бирок, ошол эле маалда бир барак мактоо баракчасын берип койсо деле болмок экен деп ойлоп калдым.

 

- 60 жашка чыгып, илимден чаалыгып, чарчап калган жоксузбу?

 

- Чарчаган жокмун. Тескерисинче, элиме алган түшүмүмдү бере турган маал келди деп ойлойм.

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити