25-ноябрда штаттын шайлоо комиссиясы Жашылдар партиясынан талапкер Жил Штайндын тиешелүү өтүнүчүн канааттандырган. Ал добуштарды кайрадан санап чыгуу демилгесин Висконсиндеги «статистикалык аномалия» менен түшүндүргөн. Штайн ошондой эле Мичиган менен Пенсильванияда да добуштардын кайра саналышын каалайт. Буга чейин Трамп анын аракеттерин «митаамчылык» деп атаган.

 

АКШда 8-ноябрда өткөн шайлоодо демократ Клинтон атаандашы, республикачы Трамптан миллиондон ашуун көп добуш алган. Бирок АКШдагы штаттардын тең салмактуулугун камсыздаган кош добуш берүү системасына ылайык, шайлоочулар коллегиясынын аз добушуна ээ болгон. Трамп 290, Клинтон 232 шайлоочулар коллегиясынын добушун алган. Мындай жол менен Трамп шайлоодо жеңип чыккан эле.

 

27-ноябрдагы маалыматтар боюнча, Мичиганда Трамп Клинтондон 11 миң добуш көбүрөөк алып алдыда келе жатат. Бул жыйынтыктар бүгүн мамлекеттик тастыктамадан өтүшү керек. Эгер добуштарды кайра саноодо Клинтон Мичиган, Висконсин жана Пенсильвания штаттарында жеңишке жетсе, анда ал шайлоочулар коллегиясынын добуштарынын көбүнө ээ болуп калышы мүмкүн.