Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үчүнчү кызы Рухшона Рахмонова  Тышкы иштер министрлигинин эл аралык уюмдар Башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды.

 

 

Аз гана убакыт мурда дүйнө коомчулугу Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Межилистин депутаты болуп шайланганынан кабардар болгон.

 

 

 

Рухшона Рахмонова Тышкы иштер министрлигинде 10 жылдан бери иштеп келатканы айтылат. Буга дейре Тажикстандын Улуу Британиядагы элчилигинде эмгектенген. Жолдошу Шамсулло Сахибов Тажикстандын Англиядагы соода өкүлү болгон. 2015-жылы бери ал  спорттун кышкы түрү боюнча Улуттук ассоциациянын президенти болуп дайындалган.

 

Ошентип өлкө башчысынын  кызы менен күйөө баласы карьералык тепкичте ишенимдүү көтөрүлүп келатышат.

 

Анткен менен тажик президентинин уул-кыздарынын мамлекеттик кызматтарга аралашканы ушуну менен эле бүтүп калбайт. Рухшона Рахмондун бир туугандары да белдүү кызмат орундарынын чокусуна конуп алышкан.

 

 

 

Президенттин улуу кызы Озада Рахмон да ТИМде иштеген, ал биринчи орун басарлык милдетти аткарган. Учурда парламент депутаты болуу менен катар президенттик администрациянын башчылыгын да айкалыштырып, аткарууда.

 

Ал эми Эмомали Рахмондун уулу мамлекеттик каржы көзөмөлү жана коррупция менен күрөшүү Агенттигин башкарат.

 

Орто Азиядагы мамлекеттерде өзү бийликке келер замат уул-кыздарынын артынан тартып баштоо көнүмүш көрүнүш. “Аккан арыктан суу агат” деген макалга катуу берилгендер, президенттин баласы жетекчи болушу керек деген түшүнүккө ишенип алгандай.

 

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы Дарига Назарбаева да мамлекеттик кызматтарды жакшы эле сапырды. Кайрымдуулук фонддон баштап журналистика тармагындагы көрүнүктүү маалымат каражаттарын башкарып, казак парламентинин депутаты да болгон.

 

 

 

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова кезинде таскагын катуу чыгарып, Өзбекстандын Испаниядагы элчилигинен баштап, коомдук уюмдардын жетекчиси, ал турмак сахна ханышасына айланып, микрофон кармап обон созгон да жайы бар. Бирок, канчалык бийлик чегин кулачына тез батырса, ошончолук бат жоготту. Атасынын тирүү кезинде эле үй камагына алынган мурдагы өзбек ханбийкеси азыр коомчулуктан бөлүнгөн абалда күн кечирүүдө.

 

  

 

Кыргызстан да мындай “атанын жолун жолдоо” адатынан артта калган эмес. Биринчи президент Аскар Акаев “кашык берсе беш уурттаган нысапсыздай” болуп, бир убакта бир эмес, эки баласын – Бермет Акаева менен Айдар Акаевди Жогорку Кеңешке эл каалап шайлаган өкүл катары алып келем деп бирок аракети ишке ашпай калган.

 

  

 

Кийинки президент Курманбек Бакиев уулу Максим Бакиевди өнүгүү, инвестиция жана инновациялар боюнча Борбордук агенттигинин жетекчиси кылган. Дагы бир уулу Марат Бакиев УКМКда бөлүм башчы болуп эмгектенген.

 

 

 

Айтор, атасынын арты менен бийликке илешкен ханбийке менен ханзаадага Орто Азия мамлекеттери бай...