“Депутатка талапкерлерге катаал тизме боюнча мыйзам иштебесе, анда андан баш тартуу керек”,-деди депутат Анвар Артыков бүгүн, журналисттер менен “галстуксуз” жолугушууда.

 

Ал шайлоо алдында партиялардын тизмесине аял-талапкерлердин аты-жөнү көп учураганы менен мандат алууга келгенде азайып калышканына токтолду.

 

“Учурда катаал тизме боюнча мыйзам бар, ошондуктан аялдарды тизмеге гана эмес, мандат алууга да аралаштырыш керек”, - деди ал.

 

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу “Кыргызстан” фракциясында учурда бир да аял-депутат калбаганын белгиледи.

 

Эске салсак, “Кыргызстандын” катарынан депутаттар Чолпон Султанбекова менен Таалайкүл Исакунова мандат алышкан. Бирок бири вице-премьер-министр, экинчиси социалдык өнүктүрүү министри болуп кеткендиктен мандаттарын тапшырышкан. Алардын ордуна парламентке эркек депутаттар келишкен.