Мындай билдирүүнү Порошенко Украина-ЕБ саммитинен кийин өткөн маалымат жыйынында билдирди. Трамп менен сүйлөшүү учурундагы башка маселелер тууралуу ал кеп козгогон жок.

 

Крым Орусия тарабынан 2014-жылы мартта аннексияланган. Жарым аралда өткөн референдумду дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү, анын ичинен Кошмо Штаттар жана евпропалык мамлекеттер тааныган жок.

 

Трамп шайлоо алдындагы кампаниясы учурунда Крымды Орусияныкы катары таануу жагын карап көрүүнү убадалаган. Анын айтымында, бул маселеде жарым аралдын жашоочуларынын пикири эске алынышы керек. Ал ошондой эле бир нече жолу Орусия менен мамилени жакшыртууну кааларын баса белгилеген.