Бишкек шаардык кеңешине депутаттык шайлоолордо мурункудай айыгышкан салгылашуулар байкалбай жатат. Буга биресе айрым партиялардын акчасына жана бийлигине таянып, “эл каалабаса да мына биз утабыз”,- деп турганы себеп болууда.

 

Мисалы, бийлик партиясы күн мурунтан бюджеттик мекемелердин кызматкерлери, студенттерди, медиктерди тизмеге алып, планды илип коюп, “биз и так биринчибиз!” деп курсактарын сылап олтурушат. Анан айрым акчалуу партиялар бар, эл ичинде буларды “клон”, “баксчылар” жана “алдар көсөлөр” деп коюшат. Булар да катуу үгүттөн баш тартышып, кез-кез гана “автобустарда жүрүү акысыз болот”, “дааратканалар бекер” сыяктуу күлкү келтирген ураандарды чыгарып коюшууда. Негизи булардын ишенгени акча. Домкомдор менен алдын-ала сүйлөшүп, “ар бир добушка 2 миң сомдон”- деп коюшкан. Ошого ишенип олтурушат.

 

Айтор, мына ушулардын ичинен аты жазылып турганы менен, бир да баннери илинбеген Жашылдар партиясы четте өзүнчө калууда. Буларда жалаң жаштар, таза адамдар чогулгандыктанбы, акча да жок экен. Бирок тактикасы жакшы экен – акчасына, бийлигине таянган партиялардан эл катуу тажап турбайбы. Мына ошолор азыр ар дайым чындыкты айтып, тынымсыз күрөштө болуп келаткан Жашылдарды колдоого бой урат окшойт. Европада бийликке жалаң жашылдар келип жатпайбы. Бишкек да ошентип “жашылдардын” колуна тийип калса, кандай өзгөрүүлөр болот?

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №42 (273), 23.11.2016-ж.