Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов буга чейин “Дастан” заводуна тийиштүү болгон, андан кийин экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин карамагына өткөн жерди аялына каттатып, анан президент Атамбаевге сатканы ачыкка чыкты эле. Эми болсо ушул эле заводдон 2 миллион долларга жакын каражатты чыгарып кеткендердин да катарына кошулду.

 

Өмүрбек Текебаевдин маалымат жыйынында билдиргенине караганда, 2010-жылы “Дастан” заводунан 2 миллион доллар чыгарылып кеткен. Бул боюнча убагында Башкы прокуратура тарабынан ищ козголуп, заводдун жетекчиси С.Даниленко сурак берген.

 

Кылмыш ишинин көчүрмөсүн маалымат жыйынынын катышуучуларына тараткан Текебаев ал акча КСДПнын шайлоо штабына коротулганын белгиледи.

 

“КСДПнын шайлоо штабына коротулганын заводдун жетекчилеринин бири тергөөдө көрсөтмө берген. Андан улам заводдун жумушчулары айлык маяналарын ала алышпай калышкан”, - деген саясатчы бул иштин артында Албек Ибраимовдун карааны көрүнүн турганын бекемдеди. Ошондой эле, Текебаев УКМК менен Башкы прокуратурага кайрылып, кылмыш ишин кайра жандандырууну талап кыла турган болду.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №42 (273), 23.11.2016-ж.