Атамбаев-Текебаев тиреши кайсы бир тараптын жеңилиши менен аяктачудай болуп калды. Текебаев мурда айтып жүргөндөй “бийликке өзү алып келген Атамбаевди” кайра өзү ээрден оодара тартчудай кебетеленүүдө. Бул боюнча саясатчы маалымат жыйынында билдирди.

 

“Атамбаев жана анын айланасындагы адамдар мамлекеттик бийликти узурпациялап алышты”, - деген Текебаев “Мегаком” чыры боюнча үч депутатка тагылган айыпты “жөн гана бийликтин оппозициянын оозун жабууга болгон кезектеги аракети” экенин белгиледи.

 

Ошондой эле Текебаевдин айтымында, президентке импичмент жарыялоого даярдык көрүлүп атат. Импичмент жарыялоого тиешелүү кызмат адамдарынан көрсөтмөлөр, документтер алынышы керек болгондуктан, процесс 2-3 айга созулат. Саясатчы бардык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө, парламент депутаттарына даярдыкка жардам көрсөтүүгө чакырык таштады.

 

Текебаевдин мындай билдирүүсү “Мегаком” маселеси менен жарга такап баштаган бийликтен коргонууга болгон далбасасыбы, же чын эле айтканы иш жүзүнө ашабы, муну убакыт көрсөтөт.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити, №42 (273), 23.11.2016-ж.