“2015-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңешке шайлоо жаңы технологиялар менен жүрүп, жыйынтыгы эч кимди нааразы кылган эмес”, - деди “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев парламент жыйынында.

 

Айтымында, азыр жергиликтүү кеңештерге шайлоо андай таза эмес, бир аз мыйзамсыздыкка да орун берип атат.

 

“Баарыбыз мамлекетибизде тынчтык, биримдик болсун деп аракет кылып атабыз. Бирок мен жергиликтүү кеңештерге шайлоодо фальсификация болуп атканынан шектенип турам. Анткени, биз бардык райондорду текшерип көрдүк жана БШКдан шайлоо менен референдумга карата дайындалган эки тизмени алдык. Ал эки тизмеде 485 адамга айырма болуп атат. Октябрь районун толугу менен текшерип чыктык. Мен бир – экөөнү эл мисал кылайын, бир дарекке беш-алтыдан адам катталып калган учурлар да кездешти. Мисалы, ушул райондогу 01.07 дарегинде Абдраев Бекзат 11.53 дарегинде да катталып турат. Октябрь районуна башка аймактардан: Свердлов, Биринчи май, Көк-Жар, Тунгуч райондорунда жашаган адамдарды каттап коюшкандары да белгилүү болду”, - деди депутат.

 

Ал  бул тизме 25-ноябрдан кийин жаңыланаарын, а негизги сынды шайлоодон кийин айтыша турганын кыйытты.

 

Ошондой эле лидердин белгилешинче, Байтик баатыр көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдө 48 шайлоочу жашаганына карабай, тизмеге бешөөсү гана кирген. Анткени, калганы башка партияга добуш берише турушкандыктарын алдын ала ачыктап коюшкан.

 

Төрөбаев шаарда каттоосу жок студенттердин да паспортторун кайсы бир тарап чогултуп алганын, эми аларды кайсы жерге каттоого тургузушаарын күтүп атканын белгиледи.