Ал АКШнын Ирактагы согушу тууралуу буга чейинки пикирин кайталап, аны «өлкө тарыхындагы эң чоң каталардын бири» деп атады. Трамп алты жылдан бери кагылышуулар уланып жаткан Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча бир нече «күчтүү идеясы» бар экенин айтып, бирок алардын чоо-жайына кеңири токтолгон жок. «Биз Сирияда болуп жаткан алаңгазардыкты токтотушубуз керек», — деди ал.

 

Козголоңчулар менен күрөштө Москва Сирия президенти Башар Асаддын режимин колдоодо, өз кезегинде Вашингтон көтөрүлүшчүлөрдү кубаттап, Асаддын отставкага кетишин каалайт.

 

Андан сырткары Дональд Трамп Орусия менен Кошмо Штаттар бир пикирге келүүнүн жолун издеп, терроризмге каршы күрөшүү өңдүү жалпы көйгөйлөрдү чечүүдө кызматташуусу керектигин кайталады. Бирок ал Москва менен болгон ымаланы «калыбына келтирүү» жараянынын башталганын четке какты.

 

«Болуп өткөн окуялардан кийин мен ал терминди пайдаланбас элем», — деп билдирди Трамп.