- Биздин өлкө эркин. Ар кайсы саясатчылар, ишмерлер өз дараметине жараша ой жүгүртүшөт. Кимдир бирөө жигердүү иштесе, кимдир бирөө апендилик кылат. Маселен, доктор Апас жана эмгек сиңирген юрист Текебаев өздөрүнө көңүл бурдуруу үчүн чуулгандуу маалымат жыйындарын өткөрүүнү жакшы көрүшөт. Дагы бири Мотуев абакта кастинг уюштуруп жатат. Турсунбек Акун жана Өндүрүш Токтонасыров дайыма бир нерселерди ойлоп басып жүрүшөт,- деген Алмаз Үсөнов Белизден келген документтерди иликтөөгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырды:

 

- Бул боюнча маанилүү бир жагдайды эскерте кетким келет. Болуп жаткан бардык ызы-чуу парламент депутаттарынын билдирүүлөрүнөн кийин жаралган. Дал ошол депутаттар өздөрүнүн үч кесиптешин мыйзамга каршы аракеттери үчүн айыпташкан. Ошондон кийин гана укук коргоо органдары бул маалыматтардын чын-бышыгын иликтей баштаган. "Эми аларга өз иштерин так аткарууга мүмкүнчүлүк берилиш керек. Териштирүүнүн жыйынтыгын күтсөк, баары өз ордуна келет, - деди Алмаз Үсөнов.

 

Президент Алмазбек Атамбаевге импичмент жарыялоо боюнча документтерди топтоо жараяны башталганын 22-ноябрда Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирген.