Жакында Жалал-Абад шаарында Икрам Илмиянов менен саясатчы Азимбек Бекназаров жолугушуп, бир катар маселелерди талкуулашты деген маалымат таратылды. Мындай кабарды журналист Элнура Кулуева соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. 

 

Икрамжан Илмиянов жакында президенттин кеңешчиси кызматынан өз каалоосу менен арыз жазып кеткен. Атамбаевге караштуу КСДП партиясынын мүчөсү. Кызматынан кеткени менен анын бийликтеги таасири сакталуу. Президенттин эң жакын адамы катары мамлекеттик көп маселелер ал аркылуу чечиле турганы байма-бай айтылып, ал турмак анын бир кезде эмгек жолун айдоочулук кесип менен баштаганына басым жасап, "Шоопур" каймана ат да ыйгарылып калган. 

 

Ал эми Азимбек Бекназаров бийликтин карама каршы жээгинин өкүлү. Атамбаев ачуу сынга алып, бир катар айыптарды тагууга жетишкен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн арасында Бекназаров да бар. Конституцияны өзгөртүү демилгесине каршы активдүү терс пикирин билдирип, бул бийликтин жеке кызыкчылыгы экенин баса белгилөөдөн чарчабай келет. 

 

Эки жээктин эки өкүлүнүн борбордон алыс, Жалал-Абад шаарындагы жолугушуусу алдыда дагы бир "кызыктар" катылып жатканынан кабар берет. Илмияновдун президенттин ат кошчусу экенин эске сала турган болсок, бул жолугушуу өлкөнүн биринчи адамы тараптан демилгенелиниши мүмкүндүгү да жокко чыгарылбайт.