УКМК оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана эки мүчөсү Аида Салянова менен Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” («Мегаком») 50 пайыздык акциясын сатууну көздөгөн деген маалымат тараткан болчу. Муну коопсуздук комитети Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып билдирген.

 

Президент Алмазбек Атамбаев аталган документтерди тезинен текшерип чыгууну Башкы прокуратурага тапшырган.

 

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү бийлик жасалма документтердин негизинде аларды каралоого аракет кылып жатканын билдирген.