Орусия президенти Улюкаевдин иши жана анын үй камагы боюнча комментарий берүүдөн баш тартып, маселени тергөө органдары жана сот чечерин билдирди. Президент бийлиги коррупция менен күрөшүүнү улантып жатканын, мыйзам баары үчүн бирдей экенин айтты.

 

Экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев 15-ноябрга оогон түнү мамлекеттик “Роснефть” компаниясынан эки миллион доллар пара алып жатканда ФСБ тарабынан кармалган. Сот аны эки айга үй камагына алуу чечимин чыгарган. Мындан кийин Орусия президенти Владимир Путин аны “ишенимден кеткендиги үчүн” кызматтан четтеткен.

 

Улюкаев пара алганын четке кагууда. Анын жактоочулары чиновникке карата чагым уюштурулуп жатканын билдиришти.

 

Орусия кылмыш кодексине ылайык, Улюкаев азыр тагылган күнөө боюнча соттолсо, 15 жылга эркинен ажыратылышы же алган парасынан 70 эсе көп айыппул төлөшү күтүлөт.