КМШдан барган байкоочулардын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Ташкентте миссиянын штабы иштейт. Анын максаты — шайлоо жараянынын жүрүшү тууралуу материалдарды топтоо жана анализдөө, шайлоо мыйзамдарына укуктук экспертиза жүргүзүү жана телеканалдар менен радиолордогу, ошондой эле басылмалар менен интернет сайттардагы маалыматтарды карап, талапкерлердин шайлоо алдындагы жолугушууларды өткөрүүсүнө байкоо жүргүзүү.

 

Өзбекстан Боршайкому Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунан, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинен, Шанхай кызматташтык уюмунан, Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк ассоциациясынан жана Ислам кызматташуу уюмунан 90дон ашык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.

 

Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт. Анда башкы талапкер катары өлкөнүн премьер-министри жана президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев эсептелүүдө.