Учурда республикабыздын бир топ айылдык, шаардык кеңештерине шайлоолор башталды. Үгүт кампаниясы айрыкча Бишкекте катуу болору алдын-ала айтылган. Катышып жаткан партиялар баягылар эле, бирин-экин жаңылары болбосо.

 

Булардын эл алдында берип аткан убадаларын карасаң, айланайын, кудум парламенттик шайлоо улантылып жаткандай. Ошол кезде берген эле убадаларын бул жакка көчүрүп алышкандай (аларды эшеги ылайдан өткөн соң дароо унутуп коюшканын айтпай ак коёлу). Мисалы “Кыргызстан”, “Өнүгүү”, “Республика – Ата Журт” партиялары убада берүү жагынан рекордсмен болушкан. Азыр да ушул үчөө алдыда баратат. Болгондо да булар тизмесине жалаң акчалууларды тизип алып, КСДПдан биринчиликти акчанын күчү менен сууруп алууга жан үрөшүүдө. Бул жагынан “Кыргызстанга” эч ким жетпей калды го. Дароо эле Бишкекте коомдук транспортту бекер кылып салышаарын жар салганын угуп, күлөрүбүздү же ыйларыбызды билбей калдык. Эми элдин кулагына кесме илгенден тажаган жоксуңарбы? Элди алдоонун да чеги болот го акыры! Аркы дүйнөгө барганда тозоктун отуна шу биринчи силер күйөсүңөр го!

 

А.Белеков

Булак: “Майдан.kg” гезити