Экс-депутат Турсунбай Бакир уулу диний көз караштары келишпей, “Фейсбук” тармагында кер-мур айтыша түшкөн Эшенгазиев аттуу жаран мушташты биринчи баштаганын жана бул чырда жабырлануучу болгонун айтууда.

 

Эске салсак, экс-депутат “Фейсбук” тармагына Белорусияда мечит ачылганы тууралуу маалымат жарыялаган. Комментарийлерде Эшенгазиев аттуу колдонуучу экс-депутат менен диний көз караштары туура келбегендиктен, талаш-тартыш башталган. Бакир уулу ага көчөдө жолугуп, сүйлөшүүнү сунуштаган.

Экс-депутаттын айтымында, жолугушууга  жалгыз барган.

 

“Буга Аллах күбө! Түнкү саат ондо Чүй-Манастагы жер астындагы өткөөлдөн жолугушмакпыз. Барсам Эшенгазиев келе элек экен. Ал жерде турсам бутиктердин биринин сатуучусу жана коопсуздук кызматкери мени таанып калышып, жаныма басып келишти. Алар менден эмнеге бул жерде тураарымды сурашты. Мен бир ишеними жок адам Фейсбукта мени жана исламды мазактоого алганын айтып бердим. Ал биздин жолугушууну видеого тартам деген. Арадан 10 мүнөт өткөндө бейтааныш адам жаныма келип, “Ваххабит, маңкурт, мен келдим”, - деди. Колумду сунсам кабыл албады, ар кандай мазактаган сөздөрдү айтып атып кастетке окшогон нерсе менен оң тарабыма урду да качып жөнөдү. Кийинчерээк белгилүү болгондой, өйдөдө аны тааныштары күтүп турушуптур. Алар да, бир  аял менен төрт эркек дайыма “Фейсбуктан” ислам менен мусулмандарды мазактоого алып турушат. Аял өзү айтканына караганда, Фейсбукта  Mari Anna деп катталган экен”, - дейт Турсунбай Бакир уулу.

 

Ал алган жараатынан улам учурда ооруканада дарылануу курсун алып атат. Бирок, толугу менен ооруканага жатуудан баш тарткан. Айтымында, эртең менен келип дарыланып кечинде кайра үйүнө кетет.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити