- Марат мырза, Бабанов башында коалицияга кирүүгө куштар адамдай таасир калтырып, жыйынтыгында  оппозицияда калды. Бабановдун талаптарын КСДП колдобой койдубу же атайылап интрига жасап, саясый оюн уюштуруштубу?

 

- Менимче  Бабановго министрлик кызматтардын кереги деле жок. Ага “Республика-Ата Журт” партиясынын  экономикалык программасын ишке ашыруу маанилүү болчу. Ошол жагынан КСДП менен келишпестик жаралды окшойт. Болбосо, “эки партиянын программасы окшош” деп Бабановдун айткан жайы бар. Жакшылап баам салган кишиге эки партиянын экономикалык программаларында анчалык деле айырма жок. Башкача айтканда, бири-бирине окшош. Бабанов жалпылап сүйлөп, эмне үчүн коалицияга кирбегенин, эмне үчүн КСДП менен бириге албаганын ачык айткан жок. Анын себебин ачыкка чыгарбаганынан коомчулукта “Бабанов интрига жасап, саясый оюн кылып жатат”- деген шектенген ойлор жарала баштады. Балким, “коалициянын аркасы менен  пиар уюштурууну көздөп, эл алдында атайын саясый оюн уюштуруп жатышкандыр” деген божомолдор күч алды. Себеби, коалиция тарайт-тарабайт деп турганда Бабанов жакшы маанайдагы сөздөрдү айтып, коалицияга кирүүгө куштар адамдай таасир калтырган. КСДП Бабановдун ошол мамилесине ишенип алып, коалицияны буза качкан. Маселе чечилерде Бабановдун аркы жээкке өтө качып, “оппозиция болгондон качпайбыз” дегени жигитчиликке жатпайт. Башкача айтканда туура эмес кадам болуп калды.

 

- Балким, Бабанов 28 добушу бар фракция экенине таянып, өз кызыкчылыгын жогору койгондур?

 

- Андай да болушу мүмкүн. Бирок, Бабанов “бул жерден оюбуз ортодон чыккан жок” деп ачык айтса болмок. Маселе КСДПда эмес, Бабановдо. Анткени, КСДП алар менен биригип, коалиция куроого макул болгон.

 

- Текебаев “конституцияны өзгөртүүдө Келдибековду кетирген ыкма колдонулуп жатат деди. Бирок, Иса Өмүркулов референдум мыйзамын ким колдосо, ошол партия коалицияга кирет деп ачык айтып, коалиция куроодо аша чапкан аракеттерди колдонгон жокпу?  

 

- Коалицияны куроого чейин  Иса Өмүркулов туура эле кылды. Ал  принципиалдуу маселе көтөрүп, идеология жагынан КСДПнын лидерин ким колдосо, ошол фракция менен коалиция түзүү аракети болоорун ачык айтты. Бул жерден саясаты жок карасак, референдум өткөрүү мыйзамын ким колдосо, КСДП ошолор менен коалиция түздү. Башкача айтканда, алар ким каршы, ким макул экенин ушул маселенин алкагында билип алып, мындан аркы кадамды ошого жараша таштайт.

 

- Текебаев менен Бабанов оппозицияда калып, бир максатта иш алып барышат деп ишенсек болобу? Булар  бири-бирин кыртышы сүйбөгөн саясатчылар го?

 

- Негизи Текебаевге оппозиция болгон кеп деле эмес. Оппозициянын ажарын ачат. Бирок, ал Бабанов менен бириге иш алып барбайт. Экөө тең парламенттеги оппозиция болгону менен өз өзүнчө иш алып барышат. Анткени, булар саясый оппоненттер болгондуктан, кызыкчылыктары башка, өз ара чатактары бар адамдар. Негизи идеология жагынан “Ата Мекен” менен эч ким бирикпейт.  Бирок, бүгүн Текебаевдин да абалы суктанарлык эмес. Анткени,  “Ата Мекендин” курамынан канча жыл мүчө болгон, Текебаевдин ишенимдүү адамына айланган Дүйшөн Чотонов, Сайдулла Нышановдор кетип жатат. Башкача айтканда, президенттин саясатына Текебаев эле каршы чыгып, башка “ата-мекенчилер” тымызын  ажону колдоп жатышат. Менин прогнозумда Текебаевди “Ата Мекенде” жалгыз калтырат же аны партиясын таштап кетүүгө аргасыз  кылышат. Ошон үчүн анын санаалаштарын башкача айтканда, “ата-мекенчилерди” акырындык менен тартып алып жатышат.

 

- Өкмөт мүчөлөрүнүн бекигенине карабай жаңы түзүлгөн аты жок  коалициянын өмүрү кыска болуп калбайбы?

 

- Мүмкүн. Анткени, коалициянын тагдыры анын иштегенине жана саясый кырдаалга байланыштуу болот. Күчтүү партиялардын оппозицияда калганы дагы коалициянын стабилдүү иштешине тоскоолдук жаратат. Эгер “Республика - Ата Журт” партиясы коалицияга киргенде көп добушка ээ болушуп, коалиция стабилдүү болмок. Азыркы коалиция түзүлгөндөн да тарап кетиши бат болот.

 

- Канат Исавдин фракция лидерликтен кеткени, президентти сындап ачык оппозиция болгону коалицияга  терс таасирин тийгизип, тез эле урап кетишине шарт түзүп койбойбу?

 

- Исаев конституцияны  өзгөртүүдө демилгечи болгондордун бири болсо да, “Конституцияны кантип өзгөртүп жатышкандыгын көрүп, бүгүн колдоодон баш тартам” дегени, президентти ачык сындаганы  коалиция терс таасирин тийгизе албайт. Анткени, лидерлердин пикири тез-тез алмашып турганы ага болгон ишенимди жоготот. Бүгүн башканы айтып, эртең башканы сүйлөгөнү элдин ага болгон ишенимин төмөндөтөт. Кыскасы, Канат Исаевдин Конституцияны өзгөртүүгө каршы болгон пикири ага абийир деле алып келбейт

 

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити