Президент А.Атамбаев 31-августта экс-президент Р.Отунбаеваны жана УӨ мүчөлөрүн төө бастыга алып, сынга алгандан бери өлкөдө саясий күчтөрдүн өз ара интригасы күч алды. Президент А.Атамбаев, анын аппараты күч структураларын, КСДП ж.б. бийликке ыктаган күчтөрдү пайдаланып, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Ө.Текебаевди жана анын партиялаштарын ур-токмокко алып жатат. Ошондон бери коомчулук “кечээ эле бир жүрүп, Бакиевдик бийликке чогуу каршы күрөшүп жүргөн саясатчыларга бүгүн эмне болду?”- деп таң калышууда. Мныа ушул суроолорго жооп алуу үчүн эксперт Т.Акеровду сөзгө тарттык.

 

- “Көкөтөйдүн ашы, чоң чырдын башы”- дейт эмеспи. Анын сыңарындай, бул чырда кандай сыр бар? Президент А.Атамбаев башында эле Р.Отунбаеванын УӨкө төрайым болушуна, андан кийин, 1,5 жыл президент болушуна каршы болду беле?

 

- Жок. Угушумча, 7-апрель күнү оппозиция лидерлери бошотулгандан кийин, алар бардыгы азыркы өкмөт үйүнө чогулушкан. Булар өз ара сүйлөшүп, Убактылуу өкмөт түзүүгө макулдашат. Ө.Текебаев ортого чыгып, баарына кызматтарды бөлүштүрүп берет. Ал Р.Отунбаеваны “УӨ төрайымы” деп жарыялайт. А.Атамбаев “премьер-министрдин милдетин аткаруучу” болуп дайындалат. Бирок, А.Атамбаев Т.Сариевдин финансы министри болуп калышына каршы чыгат. Текебаев “бул экөө бири-бирине баланс болот экен” деп, акырындык менен тараптарды көндүрүп, макул кылып коёт. А.Атамбаев Текебаевден: “сен эмне кыласың?”- деп кызыгат. Ал: “мен Конституциянын долбоорун иштеп чыгайын”- дейт. Р.Отунбаева “жок, сен да вицелик даражада болошуң керек” деп, ал да вице болуп калат. Ошентип, Р.Отунбаева төрага болуп калган. Эч кандай талаш болгон эмес.

 

- Анда талаш 31-августта президент Атамбаев экс-президент Р.Отунбаеваны жана УӨ мүчөлөрүн сынга алуудан башталган экен да?

 

- Ооба. 31-августка чукул, Р.Отунбаева, УӨ мүчөлөрү президент А.Атамбаевге кат жолдошкон. Анда булар президент Атамбаевдин Конституцияны өзгөртүүгө аракет кылып жатканына каршы пикирлерин билдирген. Себеби, революциялардын баары конституциялык талаштын айынан келип чыкканына байланыштуу 2010-жылы Конституцияга “2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт” деген норма киргизилген.

 

- Президент А.Атамбаев “Р.Отунбаевага эч ким добуш берген эмес, ал президент болгон эмес” таризде сынга алды го. Чынында эле, Р.Отунбаеваны эч ким бюллетень аркылуу шайлаган жок да.

 

- Бул өтө татаал суроо. Ар бир революция болгон өлкөдө, бийлик ойрон болуп, Конституция иштебей калган учурда, мамлекетти, коомду кайрадан мыйзам талаасына алып келиш үчүн өзгөчө жол иштелип чыгат. Мисалы, 2005-жылы Акаев Москвага качып кеткенде, ага ЖКнын депутаттары барып, сүйлөшүү жолу менен аны бийликтен чегиндирип, акырындык менен бийликти мыйзамдаштыруу каралган. “Араб жазы” өлкөлөрүндө бийлик али мыйзамдашылбай, айрым өлкөлөрдө бүгүнкү күнгө чейин граждандык согушту баштарынан кечирип жатышат. Египетте бийлик талаш катуу жүрдү дейин десен, Ливияда эмне болду дегендей. Кыргызстанда да 2010-жылы өтө татаал абал түзүлгөн. Бакиевдер 100 жаш жигитти атып салып, түштүккө жашырынып, ошол региондун күчү менен бийликте калып калууну көздөгөн. Бакиев өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Түштүк коогалаңы болду. Бакиевдер тынчыбай койду. Улам областтык администрацияларды басып алып, бул регионго тынчтык биришкен жок. Мына ушундай маалда, бийликти мыйзамдаштыруу үчүн өзгөчө бир жол керек болгон. Б. а. “Дорожная карта” керек эле. Бардык саясатчылар ошол жолго көнүш керек болгон. Себеби, өлкө ал кезде тышкы факторлордун таасиринде эле. Бакиевдер түштүк регионуна чоң таасир берип турган. Ошондуктан, өлкөдө түз президенттик шайлоолорду өткөрүү өтө опурталдуу эле. Эгер ошол кезде президенттик шайлоолор өткөрүлсө, анда өлкө граждандык согушка кабылып калуу коркунучунда болчу. Ошого бийликти мыйзамдаштыруу бир аз өзгөчө жол менен жүргөн. Түзүлгөн кырдаалга жараша бийликти мыйзамдаштыруу учун жаны модель иштелип чыккан жана ага ылайык “өткөөл мезгилдин президенти” деген түшүнүк киргизилген. Өткөөл мезгилдин президенттигине талапкер Р.Отунбаеванын фамилиясы референдумга коюлуп жаткан конституцияга тиркелип коюлган. Ошондуктан, шайлоочулар үчүн Р.Отунбаева үчүн добуш берүүнүн кажети жок болгон. Рефрендумда эл конституцияга “макул” деп добуш берсе, анда Р.Отунбаева автоматтык түрдө “өткөөл мезгилдин президенти” деп таанылган.

 

- Р.Отунбаеваны бюллетень аркылуу деле шайлатып койсо болмок беле?

 

- Болмок. Бирок, анда “өткөөл мезгилдин президенти” эмес, биротоло алты жылга президент кылып шайлатыш керек болчу да. Буга президенттик шайлоолорго катышууга даярданып жаткан бир да саясатчы макул болмок эмес. Алар анда “биз да президенттик шайлоолорго катышабыз” деп чыгышмак да. Бул жерде баары макул болуп жатканы, өткөөл мезгилдин президентине бийлик жүргүзүүгө 1,5 жылга гана чегерилген. Эгер Р.Отунбаева 1,5 жылга бюллетень аркылуу шайлаганда, балким көпчүлүк саясатчылар буга макул болмок эмес. Анткени, бул жагдайда, анын мөөнөтү бүткөндөн соң, ал кийинки президенттик шайлоолорго да катышууга мүмкүнчүлүк алууга аракет кылмак. Себеби, аны бир жолу эл шайлаган болуп калмак да, кийин ага мүмкүнчүлүк берилбей калса, анын укугу бузулган болуп эсептелмек. Ошондуктан, бул жерде бардык саясатчылар макул болгон жана баш ийген өзгөчө шарт иштеген.

 

- Р.Отунбаева А.Бекназаровдун китебинин презентациясына катышып, биринчи жолу А.Атамбаевдин сынына жооп иретинде билдирүү кылды. Ал өзү президент кезинде Конституцияны сыйлоо менен, андан чыкпай аракет кылганын айтты. Аны ЖК “эч ким басмырлаган эмес, бардыгы конституциялык негизде жүргөн” деп, Атамбаевдин “парламентте ага сөз бербей койгон” деген сөзүн четке какты. Экс-спикер А.Келдибеков да, “андай эч качан болгон эмес. Бирок, регламент боюнча президент келеби, ким гана болбосун парламентте сүйлөгөндө убактысын айтып сүйлөйт. Мен ошону гана эскерткем”,- деп Р.Отунбаеванын сөзүн бышыктады. Демек, президент жана анын аппараты тарыхты бурмалоого аракет кылып жаткан жокпу?

 

- Бул жерде бийлик конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жан далбастап, өз аракеттерин негиздөөгө ар кандай жалган да, башка да жолдорго барып жатат деп ойлойм. “Коркутуп, үркүтүп добуш бердирип” дегендей бардык жолдорго барып жатат. Р.Отунбаева чындап эле Конституцияны сыйлап, мыйзамдардын негизинде өлкөнү башкарды. Ошого анын мезгилинде бийлик бүгүнкүдөй өзү каалагандай эртең менен бир позицияны, кечинде башканы карманып, башаламан бийлик жүргүзүү болгон жок. Р.Отунбаева мамлекеттин бардык институттары менен мыйзамдын негизинде мамиле түзүп, коомдун бардык социалдык катмарлары менен баарлашып, алар бирдей мамиле курууга аракет кылды. Бирок, А.Атамбаев президент болуп келгенде, президенттик аппаратка Акаев-Бакиевдин учурунда кызмат кылган орто салмактагы кызматкерлер бөлүм башчы, кенешчи, жардамчы болуп келишти. Анан алар акырындык менен чоң саясатка кирүүгө аракет кылышты. Бул максатка жетиш үчүн алар А.Атамбаевди президенттик институтту бекемдөөгө көндүрө башташты. А.Атамбаев көпчүлүк учурларда президенттин укуктарын кеңейтүү керек экендигин айтып жатты. Акырында конституциялык мыйзам кабыл алынып, “президент тышкы саясатты жөнгө салат, экономикага да кийлигише алат” деген мыйзамды кабыл алдыртып алды. Мына ушундан кийин Кыргызстан президенттик-парламенттик өлкөгө айланды. Ошого эгерде буга чейин премьер (Бабановдун өкмөтү) президент Атамбаевден бир аз эркин болуп келген болсо, эми бийлик премьерди оңой эле отставкага кетирип, анын ордуна башка тил алчаак саясатчыны алып келүүгө мүмкүнчүлүк алды жана аны ишке ашыра баштады. Ошондон бери Ж.Сатыбалдиевдин, Т. Сариевдин өкмөттөрү президент каалаган учурда отставкага кетип турду. Бул тууралуу Ө.Текебаев баарын далилдүү кылып коомчулукка айтып берди. Бул абалда премьер эч ким болуп калды. Президенттин аппараты күчтүү институтка айланды. Алар мурдагы Айдар Акаев, Максим Бакиевдин ордун ээлеп, каалагандай аракеттерге барып жатты. Сотторго, прокурорлорго, милицияга телефон чалуу укугуна ээ болушту. Кадр маселесине активдүү кийлигише башташты. ЖКдагы КСДП фракциясынын ишин контролго алышты. Фракция жетекчиси же спикер бир дагы ишти чече албай, бардыгы президенттин аппаратында чечиле баштады. Президенттин аппаратына бул өтө жаккандыктан Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, бул жагдайлардын баарын мыйзамдаштырып, өздөрүнө ылайыктуу мураскерди шайлатып алып, бийликти сактап калууга өтүштү. Бүгүн бийликтеги кадрларды карасаңыз арасында бир дагы КСДП көрсөткөн кадр жок. Булардын көпчүлүгү президенттин жана президенттин аппаратындагы чон кызматтагы 3-4 адамдын жакындары. Бүтүндөй дүйнө жүзү эл аралык терроризмден коркуп, күрөшүп жатса, бизде генералдарыбыз жоктон беш бетер, күч структураларды, коопсуздук кызматын көчөдөн келген президентке жакын адамдар башкарып жатат. Буга парламент да, оппозицияда үн катпай келет.

 

- Президент кадр саясатын кандайча жүргүзөт, айта аласызбы? Бир нукка коюлганбы?

 

-Так айтуу кыйын. Бирок, кадрлардын жылышына карап баа берүүгө болот. Кадр маселесин 4 эле киши чечкендей. Алар И.Илмиянов, Ф.Ниязов, С.Исаков, А.Сегизбаев. ММКларда майлуу-сүттүү жерлерди (бажы, салык ж.б.) ээлеген кадрларды И.Илмиянов менен байланыштырышат, ал эми минстрликтерди, областык, райондук, ЖОЖдордук жетекчилерди С.Исаков менен Ф.Ниязов тейлеп келатканы көрүнүп турат. Бирок, Ф.Ниязов көпчүлүгүндө өзүнүн туугандарына көбүрөөк көмөч тартып, ошолорду ар кандай кызматтарга коюп жатканын айтышат. КСДПга, сот системасына, прокуратурага орун басарлыкка анын туугандары олтурганын кеп кылышат. Б. а. булар жөн эле ал жерге барып калган жок да деген тейде.

 

- Ө.Текебаев: “президент “эмчектеш” туугандарын чон кызматтарга коюп жатат”- деп билдирди. Аларды ким жылдырат?

 

- Ө.Текебаев айтпадыбы, “А.Ибраимов өзү президентке түз кирип эле кызмат сурап алат экен” деп. Кыязы, ошол негизде жүрсө керек. Алар эми Ф.Ниязовго кирип, андан суранып олтурбайт да. Себеби, алар өз кишилер да. Өз кишилер түз кирет. Анан өз маселесин чечип чыгышат болсо керек.

 

- Президент Атамбаев А.Ибраимовду мураскер кылмак экен деген сөз тараган эле?

 

- Ооба. Бир вариант боюнча А.Ибраимовду мэрликтен кийин премьер, ал эми С.Исаковду биринчи вице-премьер кылып, анан Албекти мураскер болот деген ниет болгон дешет. Бирок, Арашандагы 2,5 га мыйзамсыз жердин чырына байланыштуу бул маселе жабылып калган имиш.

 

- Жаңы коалициянын тушунда өлкө тоталитардык башкарууга түшө тургандыгы тууралуу пикир бар. Мунун канчалык чындыгы бар?

 

 - Ооба. Бирок, мунун негиздери акыркы 5-6 жыл ичинде түзүлүп калды да. Ошону мыйзамдаштырыш керек болуп жатат. Президенттин аппараты саясатта чоң роль ойноп жатпайбы? Жаны Конституция боюнча граждандарга өз милдетин аткаруу жүктөлгөн. Ким аткара албай калса, анда ал айып тартат. Мисалы, кредит алып төлөй албай калсаң сен камаласын, мүлкүнөн ажырайсың ж. б. Граждандарды жарандыктан да ажыратуу каралган. Бул боюнча эгер бийликке каршы чыкса, кимди гана болбосун, “патриот эмес” деген шылтоо менен жарандыктан ажыратып коюу мүмкүн. Б.а. коомдун турмушу толук бойдон бир ууч адамдардын көзөмөлүндө калып жатат. Фашисттик Германияда да ушундай болгон да. Гитлер жана анын достору, 3 киши баарын чечкен.

 

- Сиз Р.Отунбаева, Ө.Текебаев, А.Атамбаев ж.б. мурдагы оппозиция лидерлерин жакшы эле билесиз. Р.Отунбаева УӨ төрага же президент болуп турганда А.Атамбаевди колдогон учурлар болду беле. Мисал келтиире аласызбы?

 

- Менин эсимде президенттик шайлоолор учурундагы бир окуя калыптыр. Бир күнү Р.Отунбаеванын кабылдамасынан телефон чалып “чакырып жатат” деп калышты. Мен бардым. Р.Отунбаева бир аз тынчсызданып турганы көрүнүп турду. Себеби, ал мени менен туруп маек курду. Биз бир аз өлкөдөгү саясий абал тууралуу пикир алыштык. Ал мени “кимдин штабында иштеп жатсың?”- деп сурады. Мен “Атамбаевдин” десем, “ийии, анда жакшы экен. Утабы?”- деп сурады. Мен “социологдор жыйынтык чыгарып жатат, утат” дедим. “Ооба мен да утат деп ойлоп жатам”,- деп, анан чакырткан себебин түшүндүрүүгө өттү. “Табылды, өзүң деле көрүп, угуп жатасың, айрым айымдарыбыз түштүк коогалаңын көтөрүп, аны саясатка айландырып, элди козутуп жатат. Мен буларга таң калам. Биз биринчи кезекте энебиз да. Мен бул трагедияда кыргызбы, өзбекпи ким гана каза болбосун, баарына кейип, кайгы азабын тартып жатам. Себеби, мен энемин, биздин табиятыбыз ушундай да. Эми эркектерди түшүнсөк болот, алар эл-жерди коргошот экен. Жоокерлик аларга мүнөздүү экен... Сени чакырткан себебим, менде бир чоң өтүнүч бар”- деди. “Айтыңыз” десем, “мен да көрдүм, социологдор жыйынтык чыгарышыптыр. Бирок, эл бүгүн эч кимге ишенбей турат. Ошого бир эл ишенген киши анын жыйынтыктарын коомго ачыктаса деп жатам. КТРдеги “Ала-Тоо” программасынан угузганда, социологдорду эч ким тааныбайт да, анан эл ишенбей коюп, кандидаттар дагы бир нерсе уюштуруп жибербесин деп жатам. Ошого социологиялык жыйынтыктарды элге сенин угузганың туура го деп жатам. Бул менин өтүнүчүм, сен бизге, мана жана А.Атамбаевге бир жардам берчи”,- деп суранды. “Деги ушуну менен ылайым өлкөбүздө тынччылык орноп кетсин”- деп сөзүн бүтүрдү. Мен макул болдум. “Кубат Оторбаев сага чалат” деп, ал кала берди. Шайлоо кампаниясы бүтүп калганда чын эле К.Оторбаев мага чалып, “Табылды, сен “Ала-Тоо” программасынан социологиялык сурамжылоону чагылдырып берчи мага” деп суранды. Мен так билиш үчүн, билмексенге салып, “башкалар жок бекен?”- дегендей болдум. Бирок, анткенче болбой, К.Оторбаев: “Табылды, сен отказ бербе, болбосо мени согот, ачык эле айтайын муну өйдө жактан айттырып жатат” деп барып, анан “кыскасы Р.Отунбаева сени чыксын деп жатат” деди. “Андай болсо, макул”- деп мен барып чагылдырып бердим.

 

- Ммм... Кызык экен. Атамбаевди тегереги бекем байлап алган бейм? Бул жерде чоң кызыкчылыктар жатса керек?

 

- Ооба. Бакиевдер саясатка да, экономикага да бирдей кол салып жиберишкен. Бирок, азыркы бийлик баарын акырындык менен порциялап, ошол жолду чаап баратат. Конституциялык өзгөртүүлөрдөн кийин бир топ стратегиялык мекемелер, обьектилер, кен байлыктар, жерлер, Бакиевдин учурундагысындай сатылышы мумкун. Бүгүн ага мыйзамдык талаа түзүлүп жатат.

 

Г.Турусбекова

Булак: “Майдан.kg” гезити