Текебаев “Мегаком” чырына, сепаратист Батыровдун качырылышына, апрель революциясы учурундагы каракчылыкка айыпталып атышкандарынын сырын журналист Нарын Айып менен болгон маегинде “Zanoza.kg” маалымат агенттигине мындайча билдирген:

 

“Атамбаевдин бул жасап аткандары түшүнүктүү болушу үчүн жашыруун мотивдерин айта кетейин. Ал “Манас Ата” мамлекетин түптөгөн президент катары тарыхта калгысы келет. Жаңы президент болуп шайланганда резиденциядан жумушка келе турган жолдо “Манас келди” деген сөздөр пайда болгон. Атамбаевдин жашыруун кыймылдаткыч күчтөрүнүн мотивин мен жакшы билем. Союз учурундагы лидерлер тууралуу эч нерсе айтпады, Акаев менен Бакиевдин талпагын ташка жайды. Акаев менен Бакиевдин деле болбосо жакшы жактары болгон. Парламенттик республиканы түзгөн жолдошторун айыптады, аны премьер-министр кылып, кийин президенттик тактыны өткөрүп берген Отунбаеваны “самозванка” атады, ошентип жакынкы тарыхты да жокко чыгарды. Анын сөзүн көңүл буруп уккан адам Кыргызстанда өзүнөн башка колго урунаар адам жок деп айткысы келгенин билет. Чыныгы тарых Атамбаевден башталат деген ойду айткысы келгенин түшүнөт. Акаев менен Бакиевди, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн жамандап атып жокко чыгарыш керек, анан өзү менен өзүнүн айланасындагы адамдар калат. Экинчи Манас ата катары Кой-Таштагы хансарайда жатып алып өлкөнү башкара берем деген ниети бар”.

 

Текебаев Атамбаевдин “бакиевчилер” деген айыптоосу так өзүнө таандык экенин аныктады.

 

“Бакиевчилер” өзү эмеспи. Убагында Бакиев менен кучакташып, арак ичип, премьер-министр болуп жүргөндө биз жаныбызды оозубузга тиштеп аны менен күрөшүп жүргөнбүз”, - деди саясатчы.