Албек Ибраимов Текебаевдин үстүнөн сотко доо арыз менен кайрылган. Кечээ, 17-ноябрда соттук отурум болуп өттү.

 

“Ар бир адам өз пикирин айтууга укуктуу, бул үчүн эч кимге тыюу салынган эмес”, - деди Текебаев сот процессинен кийин журналисттер менен жолугушуп.

 

“Албек тууралуу айтсам, Атамбаевге таң калам. Маалымат жыйынында айтканымдын баарын тастыктап бере алам. Моралдык зыянга келсек, “табиятынан назик жаралган жан” Албек Ибраимов менден 1 млн сом өндүрүүнү каалап атат”, - деди Текебаев.