Жакында Жогорку Кеңештин үч депутаты – Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Саляновалардын “Альфа Телекомдогу” акциялары тууралуу маалымат ачыкка чыкты. УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев бул тууралуу президент Атамбаевге кабарлап, өлкөнүн биринчи адамы башпрокурор Индира Жолдубаевага бул ишти тыкыр текшерүү тапшрмасын берди.

 

Белизден келген документтердин негизинде аталган үч депутат ири коррупцияга баргандыгы айтылууда. Алар өз кезегинде мунун баары курулай жалаа экенин, ал турмак Шыкмаматов “Ата Бейитке” барып карганууга чейин даяр экенин жарыялады.

 

Текебаев Белиз документин бийликтин кезектеги жалаасына чыгарды. Ал бир кезекте “Мегаком” боюнча Соутфилд компаниясы менен ошол эле “Ата Мекен” кармашканын, бул боюнча депутаттык комиссия да түзүлгөнүн, жакшылап иликтенсе чындыктын баары калкып чыгаарын белгиледи.

Парламентке келип чырлуу маселе боюнча маалымат берген УКМК жетекчиси Абдил Сегизбаевди Өмүрбек Бабанов бурчка такады. Ал кесиптештеринин аты коррупциялык чырга аралашып атканына кыжаалаттанып атканын билдирип, Текебаевди курулай жаманатты кылуудан оолак болууга бийлик өкүлдөрүн чакырды.

 

“Белизден расмий түрдө алдык деген документтерди кайсы расмия мекемеден алдыңыздар?” – деп Сегизбаевге  суроо узаткан Бабанов депутаттардын атын атоодон мурда, алгач жакшылап такташ керектигин эскертти.

 

Сегизбаев башпрокуратура менен биргеликте алынып барылып аткан иликтөөлөр аягына чыкмайынча кайсы депутаттын канча үлүшү бардыгын ачыкка чыгарбай турганын айтса, Бабанов буга да көнбөдү. Ал маалымат такталганын күтпөй эле телеканал, ММКлардан депутаттардын коррупциялык ишке аралшканы боюнча маалыматтар кетип атканына кейиди. Үстүртөн айтылып аткан үч депутат ким экенин өзү гана эмес, коомчулук дагы жакшы билип турса да, алардын ысымын УКМК төрагасынан угууну каалаган лидер канчалык такыбасын Сегизбаевден сөз чыкпады. Төрага “иликтөө бүтмөйүнчө ысымдарды айта албашын” бекемдеди.

 

Ал антсе Бабанов Текебаевге курулай жалаа жабылып атат дегендей кыйытты:

 

“Мындай нерселер ачык-айкын болбосо ишеним да болбойт. Текебаев экөөбүздүн көз караштарыбыз башка, бирок калыстык үчүн айтсам, ал чоң саясатчы. 20 жылдык тарыхы бар, 2010-жылдагы апрель окуясында чоң салымы бар. Күнөөсү болсо жоопкерчилигин карагыла, болбосо жөн жерден күнөөлөбөгүлө”, - деди.

 

Саясатта көз караштары такыр бирикпеген категорияга кирген саясатчылар бар. Бирок, акыркы кездери бул категория өз күчүн жоготуп баратат. Бабанов башкаруу альянсынан четке ыргыган “Ата Мекен” өзү турган жээкке чыгып калганына “тууганчылык” сезимдерин ойгото баштадыбы, же Ташиев менен келишими жокко чыгып, өз алдынча калганга кийинки шайлоого чейин санаалаш табуу ниетин Текебаев тарапка оодарганы атабы, айтор “Ата Мекен” лидерин курулай жалаалардан төшү менен коргочудай өңдөнүп калды.